Грек аралындагы стадион мигрантка толду

Published

Грециянын Кос аралындагы күч органдары мыйзамсыз мигранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгонун маалымдады. Качкындар бир нече күн бою каттоодон өтө албай нааразылыгын билдиришип, полиция менен кагылышып кеткен.

Чакан аралдын мэри тез арада миграция кризиси чечилбесе, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деп билдирди.

Грециядагы Кос аралы туристтер үчүн курулган. Аймактын экономикасы да туризм тармагына көз каранды. Бирок акыркы айларда аралга келгендердин көбү качкындар.

Күн киргенде кемелер туристтерди ташып, жаратылышты көрсөтөт. Бирок күндүз эски кайыктар менен аралга жеткендер көзгө урунат.

Жүздөгөн мигранттар каттоодон өтүп, ал документ менен андан ары Европанын башка өлкөсүнө барууну көздөп, Кос аралындагы стадионго келишет.

Адамдын көптүгүнөн жергиликтүү бийлик жетишпей, полиция кызматкерлери менен кагылышуулар да болду. Шаршемби күнү күч органдары көздөн жаш чыгаруу газ колдонууга аргасыз болгонун билдирүүдө.

Жергиликтүү бийликтин алы жетпей, баш калаа Афина шаарынан кошумча жардам жөнөтүлгөнү маалымдалууда.

“Биз он күндөн бери бул жерге келип жатабыз. Алар аты-жөнүбүздү сурап, үч күндүн ичинде катоо кагаздарды аласыңар деп айтышат. Бирок беш күн өттү, эч кабар жок”, - деди келгиндердин бири.

Абал курчуп баратканы анык. Европа биримдигинин коммиссиясы Грек аралына тез арада жардам керек экенин айтып, башка өлкөлөрдөн көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Бирок күн сайын мигранттардын саны өсүүдө жана буга чейин келгендердин келечеги чечилбей турат.