АКШнын аскерин Иракка киргизүү сунушталды

Сүрөттүн булагы, AP
Published
АКШнын кургактагы аскерлеринин штабынын начальниги Рэймонд Одиерно Ирактын армиясы “Ислам мамлекети” аталган күчтөрдүн согушкерлеринин катыгын бере албаса, анда АКШнын аскерин Иракка киргизүү жагын ойлонууну Вашингтонго сунуштады.
Одиернонун айтымында, америкалык аскерлер “Ислам мамлекети” менен согушта негизги эмес, көмөктөшүүчү ролду ойнойт.
60 жаштагы генерал ушул жума күнү кызматынан кеткени жатат. 2008 -2010-жылдары Одиерно Иракта Эл аралык күчтөрдү башкарган.
Азыркы убакта Ирактын аймагында 4500 америкалык аскер бар, алар негизинен аскердик кеңешчи жана инструктор милдетин аткарышууда.
























