Каирдеги жардыруудан жаракат алгандар бар

Соңку айларда Каирде эки жолу теракт болду.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку айларда Каирде эки жолу теракт болду.
Published

Каирдин түндүгүндөгү бейшембиге оогон түнү болгон жардыруудан жаракат алгандар саны 22ге жетти. Алардын алтоо полиция кызматкери деп айтылууда.

Расмийлер билдиргендей авто унаага коюлган жардыргыч зат алыстан туруп башкарылган. Жарылуу болгон жерден анчейин алыс эмес жерде Египеттин күч түзүмдөрүнө таандык имарат болгон.

Жардыруу болгон жерде “Тез жардам” кызматы, куткаруучулар жана өрт өчүрүү кызматтары иштеп жатат. Азырынча бул жардыруунун эч ким жоопкерчилигине ала элек.

Соңку айларда Каирде эки жолу теракт болду. Июль айында болгон жардыруу Италиянын консулдугу жайгашкан жерде болуп, ага жоопкерчиликти өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун өкүлдөрү алган эле. Июнь соңунда болгон жардыруу президенттик сарайда болгон.