Кыргызстан-АКШ: Денонсация чечими күчүнө кирди

Сүрөттүн булагы, AFP
20-августта Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташуу боюнча 1993-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгарган документ күчүнө кирди. Кыргызстан мындан бир ай мурда АКШ-Кыргызстан ортосундагы келишимди денонсациялаганын жарыялаган.
Бишкек мындай кадамын адам өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою абак жазасына кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровго АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан сыйлык ыйгарылганына нааразылык деп түшүндүргөн.
Бирок эксперттер Америка менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу келишиминин токтошу Кыргызстанга көбүрөөк зыян алып келет белгилешүүдө. Андан тышкары Кыргызстан мындай кескин аракеттерге негизги өнөгү Москванын таасири алдында барып жатат деген пикирлер бар.
Би-Би-Си бул теманын айланасында Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов менен маектешти.
Би-Би-Си: Кыргызстан-АКШ ортосундагы кызматташуу келишими жокко чыккандан кийин эки өлкө ортосундагы карым-катыш жана кызматташууда кандай өзгөрүүлөр болот?
Нурлан Сүйөркулов: 2015-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев Кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы жардам көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташуу жөнүндө 1993-жылдын 19-майындагы макулдашууну денонсациялоо боюнча токтомго кол койгон. Бул токтомго ылайык макулдашуу 20-августта күчүн жоготот. Бирок долбоорлор жана АКШ менен Кыргызстан ортосундагы кызматташуулар улана берет. Бул тууралуу жакында эле АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ниша Бисвал айым дагы кызматташуу улана берет деп айтты.
Би-Би-Си: Андай болсо денонсациянын мааниси эмнеде?

Сүрөттүн булагы, v
Нурлан Сүйөркулов: 1993-жылдан бери бул макулдашуунун алкагындагы көптөгөн долбоорлор салыктан жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулуп келген. Бул долбоорлордо иштеген АКШ атуулдары болсо, дипломатиялык иммунитетке ээ болгон. Эми АКШ долбоорлорун ишке ашырууда башка өлкөлөрдүн долбоорлорундай эле бирдей салыктарды жана төлөмдөрдү жасайт.
Би-Би-Си: АКШнын Бишкектеги элчилиги бул долбоорлор биринчи кезекте Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө жана демократиялык процесстерге багытталганын, демек алардын көбү Кыргызстандын кызыкчылыгына багытталганын айтып жатат. Мындан кийин Кыргызстан бул чечимден кандай зыян тартат деп эсептейсиздер?
Нурлан Сүйөркулов: Буга эки тараптуу карашыбыз керек. Кызыкчылыктын бир жагын эле карай турган болсок туура болбой калат. Денонсация боюнча чечим АКШнын мамдепартаментинин кадамына адекваттуу жооп болду. Өзүңүздөр билгендей адам өлтүрдү деген айып менен сот тарабынан кесилген кишиге – Азимжан Аскаровго АКШ адам укугун коргоочу деген сыйлык ыйгарды.
Би-Би-Си: Бирок айрым эксперттер мунун себеби Кыргызстандын Орусияга көбүрөөк ыктышына байланыштуу, Москванын таасири менен жасалган кадам деп жатышат. Буга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жообу кандай?
Нурлан Сүйөркулов: Орусиянын же башка үчүнчү мамлекеттин бул чечимге эч кандай тиешеси жок. Денонсация жөнүндө токтом Кыргыз Республикасынын көз карандысыз, өз алдынча кабыл алган чечими.





























