Япон премьери Медведевдин Куриль аралына сапарын сындады

Сүрөттүн булагы, RIA Novosti
Япониянын премьер-министри Синдзо Абе орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведевдин Куриль аралына болгон иш сапарын сынга алды.
“Медведевдин аралга келиши Япониянын позициясына карама-каршы келет жана япондордун сезимин жаралайт”,-деди Абе.
Ишембиде Дмитрий Медведев жумушчу сапары менен Итуруп аралына учуп келген. Бул япон расмийлеринин чоң нааразылыгын жаратты. Япониянын тышкы иштер министри Фумио Кисида Орусия элчисине нааразылыгын расмий билдирди.
Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин бардык Куриль аралдары СССР курамына кирген. Бирок Япония Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралдары боюнча талаштуу суроо бар деп, бул аралдарды өзүнө таандык эсептейт.
Расмий Москва болсо орус расмийлери Япониянын позициясына карабай Куриль аралдарына иш сапары менен баруусун уланат берет деп айтты.
























