Кытай жеңиштин 70 жылдыгына арнап аскердик парад өткөзүүдө

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кытай Япониянын үстүнөн болгон жеӊиштин жана Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 70 жылдыгын белгилеп, Пекин шаарында дүӊгүрөгөн парад өткөзүп жатат.

Сүрөттүн булагы,
Батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүн лидерлери Кытайдагы салтанатка барышкан жок, бирок Пекинге Россиянын президенти Владимир Путин келди.
Би-Би-Синин кабарчысы билдиргендей, кытай бийликтери камылганы катуу көргөнү билинип турат: парад болуп жатканда баш калаанын бир катар көчөлөрүндө унаа кыймылы токтотулду, борбордук райондун жашоочуларына үйүнөн чыкпоого буйрук берилди, ал эми айрымдарына терезеден караганга да тыюу салынды.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бүт өлкө боюнча телеканалдарга беш күн ичинде көӊүл ачуучу оюн-зоок берүүлөрдү көрсөтүүгө да тыюу салышты.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат ондон баштап 12 миӊ аскер жана 500 согуштук техника Тяньаньмэнь аянтынан салтанаттуу өтөт.
Кытайдын бийликтери бул иш чаранын максаты - согуш учурунда болгон эбегейсиз курмандыктарды эскерип даӊазалоо экенин билдиришүүдө.
Бирок Батышта бул парадды Кытайдын Элдик армиясынын күч-кубатын көрсөтүү деп аташууда. Азыр Пекин Түштүк-Кытай деӊизинде аймактык дооматтарды кайрадан коюп жаткан учур.
























