Будапештте мигранттар менен полиция кагылышты

Сүрөттүн булагы, AFP
Будапештте Вергрия бийликтеринин чектөөлөрүнө нааразы болуп каршылык акциясына чыккан мигранттар менен полициянын ортосунда чыр-чатак чыкты.
Полиция бир канча жаш мигранттарды кармап, аларды өлкө түштүгүндөгү качкындарды кабыл алуучу борборго күч менен жөнөттү.
Мигранттар Келети вокзалынын жанында топтолуп, көп акча коротуп сатып алышкан жол билеттерине колдонууга жол берилбей жатканына нааразы болушууда.
Венгриянын бийликтери мигранттарга Германия жана башка өлкөлөргө барчу поезддерге отурууга тыюу салышкан. Алар бул чечимди мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерди аткаруу деп түшүндүрүшүүдө.
Европа биримдигинин өлкөлөрү кол койгон Дублин келишимине ылайык, качкындар биримдиктин биринчи кайсыл өлкөсүнө келсе, ошол жактын бийликтерине кайрылууга тийиш.
Eurostar менен Париждин жана Лондондун ортосундагы поезд катнаштары шаршембиде токтогон, анткени туннелге кире бериштеги темир жолдо мигранттар топтолуп жатканы байкалган.
ES9055 поездинин жүздөгөн жүргүнчүлөрүнө Eurostar тарапка барыш үчүн бир нече саат күтүшкө туура келди.
Жайында бул туннель аркылуу жүздөгөн, ал түгүл миӊдеген адамдар Британияга өтүп кетүүгө аракет кылышкан.
Мисалы, июлда Каледе Британияга өтүп кетүү үчүн аракет кылган беш миӊ качкын болгон, алар негизинен Африка менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келгендер эле.




























