Британиялык дрон учактар “ИМ” тобунун эки мүчөсүн жок кылды

Улуу Британиянын премьер министри Дэвид Кэмерон Сирия аймагындагы өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топко мүчө эки британиялык дрон учактан атылган ракетадан жок кылынды деп билдирди.
Бул британиялык авиациянын “ИМ” тобундагы өз жарандарына атайын пландуу түрдө багыттаган биринчи соккусу болду. Дэвид Кэмерон бул операция эл аралык укуктарга туура келерин айтып, Британия өзүн коргоо максатында жасады деди.
Операциянын максаты 21 жаштагы британ жараны Рияд Ханды жок кылуу болчу. Ал Британия аймагындагы маанилүү иш-чаралар учурунда кол салууларды пландаган дейт расмийлер.
Хан менен бирдикте топтун дагы бир согушкери Рухул Амин жок кылынган. Булардын экөөсү тең “ИМ” тобунун активдуү мүчөлөрү болгон. Британ премьер-министри, операция алдында прокуратура менен кеңешүү болгонун, чабуул кылуунун юридикалык негизи бар экенин айтты.
Кэмерондун айткандарына карганда биринчи жолу Британия өзү согуштук операцияларга катышпаган башка өлкө аймагында британдык дрон колдонулду
Июль айында Британиянын коргоо министри Майкл Фэллон, британдык армия Ирак менен Сирия аймагындагы “ИМ” тобунун согушкерлерине каршы аскердик аракеттерин күчөтөрүн айткан эле.
Буга чейин парламент британдык аскер рейддерин Ирактын гана аймагында жүргүзүү макулдугун берген. Британиялык аба күчтөрүнүн Сирия аймагындагы аракеттери бир топ чектелген эле. Алар чалгындоо үчүн учууларды, ошондой эле абада учактарга май алмаштыруу опрацияларын жүргүзүп келаткан.
























