Орусия Сирияга аскердик кийгилишүү болгон жок деди

АКШ Орусиянын аралашуусу Сириядагы кырдаалды күчөтүшү мүмкүндүгүн айтууда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ Орусиянын аралашуусу Сириядагы кырдаалды күчөтүшү мүмкүндүгүн айтууда.
Published

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Сирияга курал жеткирилди жана аскердик кийгилишүүсүн күчөтүүдө деген маалыматтарды четке какты.

Ташкы саясат боюнча мекеменин өкүлү Мария Захарова Би-би-си менен болгон интервьюсунда, Москва менен Дамасктын мамилеси аскердик-техникалык кызматташуу боюнча келишимдерден чыккан жок деп айтты.

Захарова мындан мурдараак Сирияда жүргөн орусиялык аскер адистери ал өлкөгө жеткирилген жабдыктардын кемчилигин түзөтүү үчүн барганын айткан эле.

"Биз бул саясат аркылуу эки тараптуу милдеттемелерди жана эл аралык укуктарды бузган жокпуз. Биз башка өлкөгө терроризм менен күрөшүүгө жардам көрсөтүүгө толук укугубуз бар жана эгемен мамлекетпиз”,-деди Захарова.

Шаршемби күнү Ливандын маалымат булактарына шилтеме жасап Рейтер агенттиги Орусиянын Сириядагы аскер адистери согуштук аракеттерге да тартылып жатканын жазып чыккан эле.

Бул маалыматтардан кийин бир катар өлкөлөрдүн лидерлери жана НАТО кабатырлануусун билдирди. АКШ Орусиянын аралашуусу Сириядагы кырдаалды күчөтүшү мүмкүндүгүн айтууда.