Цукерберг: Facebook «жакпайт» деген кнопканы ишке киргизет

Сүрөттүн булагы, EPA
Дүйнөдөгү ири социалдык тармак Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг компания «жакпайт» деген кнопканы түзүү үстүндө иш алып барып жатканын бышыктады.
"Көп жылдардан бери кишилер «жакпайт» деген кнопканы киргизүү туралуу суранычтарын айтып келишкен. Биз акыры силерди уктук, мунун үстүнөн иштеп жатабыз. Көпчүлүктүн суроо-талабын канаатандыруу үчүн жакында муну ишке салабыз»,-деди Цукерберг.
Ошол эле учурда социадык тармактын негидөөчүсү Facebookтун форумдардагы популярдуу постторго колдонуучулар кнопкаларды басуу аркылуу таасир тийгизген абалга айланып кетишин каалабай турганын айтты. Жаңы кнопка колдонуучунун көңүл айткандай абалын билдирүүсүнө мүмкүнчүлүк бериши керек.
"Бардык эле көз ирмемдер жакшы боло бербейт. Эгер силер кандайдыр бир кайгылуу окуя менен бөлүшсөңөр, маселен, качкындар, же жакын кишилердин жоготуулары туралуу. Анда кишилерге «жактыруу» деген кнопканы басуу ыңгайсыз. Менимче кишилерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериш керек»,-деп түшүндүрдү Цукерберг.
























