Тажикстанда Ислам партиясынын мүчөлөрү кармалууда

- Author, Анора Саркорова
- Role, Би-Би-Синин Дүйшөнбүдөгү кабарчысы
- Published
Тажикстандын Генералдык прокуратурасы 3-5-сентябрда куралдуу коогалаң уюштургандыгы үчүн шаршембиде жок кылынган, өлкөнүн мурдагы Коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзодага жакындыгы бар деген жүйөө менен Тажикстандагы Ислам партиясынын лидери Мухиддин Кабирини айыптоодо.
Прокуратуранын расмий билдирүүсүндө: “Акыркы жылдардан бери генерал Абдухалим Назарзода Мухиддин Кабири жетекчилик кылган Ислам партиясы менен жакын аракетте болгон. Алардын жардамы менен 20дан ашык майда кылмыштуу топтор түзүлгөн. Соңку 3-4 сентябрда өткөн куралдуу окуя, чет өлкөлүк деп көрсөтүлгөн бир катар кайрымдуу фонддор тарабынан каржыланган”,-деп айтылат.
Өлкөдөн чыгып кеткен партиянын лидери болсо, бардык айыптоолорду четке кагууда. Тажикстандагы март айында өткөн парламенттик шайлоодогу жеңилүүдөн кийин Мухиддин Кабири өлкөдөн чыгып кеткен.
Би-Би-Синин орус кызматына Мухиддин Кабири: “Мен бул айыптоолордун баарын четке кагам жана алар атайы ойлонулуп чыгарылган. Тажикстандагы саясий процесстерге көз жүгүртүп келе жаткандардын баары биздин саясый багытыбызды билет, ошондой эле аталган айыптоолор менин ишмердүүлүгүмө жана дүйнөлүк көз карашыма катыштыгы жок экендигин түшүнүшөт. Ал эми генерал Назарзода тууралуу айтсам, акыркы жылдары ал менен абдан сейрек кездешип калганбыз. Бул билдирүүлөр абсурд” ,- деп айтты.
Ислам партиясынын мүчөлөрүн кармоо

Сүрөттүн булагы, RIA Novosti
Ал арада акыркы күндөрү өлкөдө расмий катталган Тажикстандын Ислам партиясынын ондогон тарапташтары жана мүчөлөрү кармалды. Кече күнү расмий Душанбенин дарегине критикалуу билдирүүлөрү менен таанылган Кабиринин орун басарлары – Мухаммадали Хаитов менен Саидумар Хусайни камакка алынды.
Саидумар Хусайни Душенбенин аэропортунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик коммитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Хусайнинин кесиптештеринин айтымында, ал Казакстанга иш сапары менен кетиши керек болчу, бирок Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамкоммитетинин кызматкерлери аны рейстен колго түшүрүшкөн.
Кармоонун себе тууралуу азырынча расмий билдирүү таратыла элек.
Андан тышкары Кыргызстандагы туугандарына бара жаткан Ислам партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Восидхон Косимов да кыргыз-тажик чек арасында кармалды. Ал эми Ислам партиясынын башкы партиялык ячейкасы болгон Рахматулло Раджаб Душанбедеги авиарейстен туткундалды. Ал иштеш үчүн Екатеринбургка учканы жаткан.
Партия массалык түрдө бир катар мүчөлөрүнүн камакка алынганын айтып, алардын көпчүлүгү Орусияга иштөө максатында учканы жатканда кармалганын билдирди. Маалымдалгандай, партиянын тарапташтарынын документтери эч себепсиз алынууда. Партия өкүлдөрү боллуп жаткан окуяларды бийлик тарабынан жасалган саясий басымдын уландысы деп эсептешет.
Өлкө боюнча партиянын кеңселери жана партиялык ячейкаларынын баардыгы жабылып, башкы штабы да мөөр менен бекитилген.
Партиянын лидери Мухиддин Кабири камакка алынуудан сактанып, бир канча айлар мурун өлкөдөн чыгып кеткен.
«Чынында эле туугандарым жана жакындарым – бардыгы коркуп жатат, алар тынч турмушун жоготушту, ал тургай өздөрүнүн жеке мүлктөрүнөн да айрылышы мүмкүн. Абал тааныш, 1937-жылдагыдай, эгер кимде-ким эл душманы катары айыпталса, репрессия анын үй-бүлөсүнө, туугандарына, жада калса досторуна чейин таасир берет. Саат сайын аны кармаптыр, тигини кармаптыр деген маалыматтарды алып жатам. Кудай сактасын, аларды өз үй-бүлөлөрүнө жакынкы аралыкта коё беришсе экен», - деген оюн Мухиддин Кабири Би-Би-Синин орус кызматына билдирди.
Тажикстандын көйгөйүнө айланган Ислам партиясы – Борборду Азия боюнча ислам багытындагы каттоодон өткөн жалгыз саясий биримдик.
Көптөгөн серепчилер ишендиргендей, бийлик өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларды расмий жүйөө катары пайдаланып, исламистерге болгон басымды күчөтүү менен диний саясий биримдиктерди жабуу процессин баштоодо.
«Ири бизнеске ээ, карьерасы да мыкты калыптанган, ал тургай мурун эле оппозициялар менен байланышына чекит койгон генерал Назарзода, күтүүсүздөн алар менен кандайча коогалаң уюштуруп калат деген суроолорду көптөрү берип жатышат» - дейт политолог Равшан Меликов.
«Чынында эле генерал мамлекеттик төңкөрүшкө багытталган кагылышты жасоого катыштыгы барбы? Ал бул долбоордун бүлгүнгө учурай тургандыгын билген да, - дейт ал. Негизги суроо бул акцияны ким пландаштыргандыгында жатат, бирок ачык көрүнгөндөй Абдухалим Назарзода буга катыштыгы жок. Анткен менен биз көрүп тургандай, терс көз караштагыларга жана оппозициядагыларга каршы күрөш катары, бийлик муну расмий жүйөө катары пайдаланууда.
Атайын кызматтардын операциясы

Сүрөттүн булагы, AP
Тажиктсан бийлиги 4-6 сентябрда күч органдарынын өкүлдөрүнө карата куралдуу кол салууларга Назарзоданы жана анын тарапташтарын айыптаган. Натыйжада бул кол салуулардан улам 20дан ашык киши набыт болгон.
Бир жарым жума аралыгында өлкөнүн күч структурасы кол салгандарды издөө ишин жүргүзгөн болчу. Маалымдалгандай, козголоңчу генерал жана анын 11 жакын тарапташтары шаршемби күнү Вахдат шаарынан 110 чакырым узактыктагы, деңиз деңгээлинен 3700 метр бийиктикте жайгашкан Гусгев Рамит капчыгайында жок кылынган.
Операциянын жыйынтыгында жалпы 39 киши өлтүрүлүп, анын ичинен 14 киши укук коргоо жана атайын бөлүктөрдүн кызматкерлери болгон жана Назарзоданын 125 тарапташы туткундалган. Көп сандагы курал жарактардын да алынганы кабарланууда.
Өлкөдөгү ИИМдин жана УКМКнын расмий билдирүүсүндө маалымдалгандай, бийлик генерал жана анын тарапташтары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эрки менен колго түшүүлөрү сунушталган, бирок алар катуу каршылык көрсөтүшкөн.





























