Минскиде Донбасс боюнча келишим ишке ашкан жок

ЕККУнун атайын өкүлү Мартин Сайдик, өздөрүн аймактык түзүм кылып алган Луганск жана Донецк облустарынын жетекчилиги расмий Киев менен тил табышууга каалоосу жок болуп жатканына кабатырлануусун билдирди.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЕККУнун атайын өкүлү Мартин Сайдик, өздөрүн аймактык түзүм кылып алган Луганск жана Донецк облустарынын жетекчилиги расмий Киев менен тил табышууга каалоосу жок болуп жатканына кабатырлануусун билдирди.
Published

Украина чыгышындагы абалды жайгаруу боюнча Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ортомчулугу алдында Минскиде өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктады.

ЕККУнун атайын өкүлү Мартин Сайдик, өздөрүн аймактык түзүм кылып алган Луганск жана Донецк облустарынын жетекчилиги расмий Киев менен тил табышууга каалоосу жок болуп жатканына кабатырлануусун билдирди.

Донбасс өкүлдөрү төрт айдан бери ок атышпоо туралуу келишимге жетүүгө жакын калганын айтып келатышкан менен даярдалган документке кол коюга келгенде баш тартууда.

Бул жолку сүйлөшүүлөрдүн алдында оор куралдарды чыгарып кетүү маселеси чечилет деген үмүт бар эле. Үч тараптуу ортомчулук алдында түзүлгөн топ документ менен июнь айынын башынан тарта иштеди. Жаңы окуу жылынан тарта ок атышуудан баш тартуу келишими азыр сакталып жатат. 12-сентябрда Берлинде өткөн жолугушууда “нормандиялык төрттүктүн” сырткы саясат боюнча жетекчилери 100 мм калибирдеги куралдарды чыгарып кетүү боюнча документке кол коюнун болгон аракетин көрүштү.

Шейшембиде Минскте артиллерия жана минометторду чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жети саатка созулуп, тараптар сүйлөшүүнү кийинки аптада улантууну чечти деди Мартин Сайдик.

Оор куралдар боюнча өтүп жаткан сүйлөшүүлөр бир учурда эле саясый маселеге ооду. Өздөрүн аймактык түзүм кылып алган ДЭР менен ЛЭР өкүлдөрү июль айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо 18-октябрда жана 1-ноябрда өтөт деген чеим кабыл алган.

Бирок бул жолку сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда ЛЭРдин өкүлдөрү шайлоо 2016-жылдын 21-февралында өтөт деп айтты. Расмий Киев болсо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өтөт деп билдирген. Жогорку Рада шайлоо датасын 25-октябрга белгилеп, бирок Крымда жана Донбасстын көзөмөлдөөгө мүмкүн болбогон аймактарында болбойт деп айткан эле.