Рауль Кастро: АКШ эмбаргону алып салышы керек

Сүрөттүн булагы, EPA
Кубанын президенти Рауль Кастронун БУУга билдиришинче, Гавана менен Вашингтондун мамилеси толук калыбына келиши үчүн АКШ соода-сатыкка киргизген эмбаргону алып салышы керек.
Анын айтымында, АКШ мындан тышкары Кубага аскердик базаны кайтарып, бул өлкөдө антикоммунисттик чакырык таштаган берүүлөрдүн трансляциясын токтотушу керек.
АКШ президенти Барак Обама дагы кече БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу жыйынында Кубадагы соода-сатыкка киргизген эмбаргону алып салышы керек деп айтты.
Ушул жылдын июль айында, тагыраагы элүү жылдан кийин Гавана менен Вашингтондо кайрадан Куба жана АКШ элчиликтери ачыла баштаган. Бул эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин суушу 1960-жылдардын башына туура келет. АКШ Куба менен дипломатиялык мамлесин үзүп, соода-сатыкка эмбарго киргизип койгон.
2014-жылдын соңунан тарта АКШ жана Куба мамилелерди жакшыртып, дипломатиялык алаканы күчөтүүгө чараларды көрө баштады. Эки өлкөнүн президенттери Барак Обама жана Рауль Кастро көп жылдардан кийин биринчи жолу кезикти. Бул сүйлөшүүдөн кийин Барак Обама Кубаны терроризмди каржылаган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын жандантуу туралуу жарыя кылынды.
Азырынча америкалык инвесторлордун, ишкерлердин Кубага барып иштөөсүнө баары бир чектөөлөр бар. Кубанын бийлиги соода-сатыкка киргизилген эмбарго өлкөнүн экономикасы үчүн чоң зыянын тийгизип келатканын айтып жатат. Эмбаргону алуу маселеси америкалык Конгрессте добуш берүү аркылуу чечилүүгө тийиш.
























