АКШ аба күчтөрү “Талибанга” абадан сокку урду

Талибдер Кундуз шаарын 28-сентябрда толугу менен ээлеп алышты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибдер Кундуз шаарын 28-сентябрда толугу менен ээлеп алышты.
Published

АКШнын согуштук учактары Афганистандагы Кундуз шаарын көзөмолдөп жаткан “Талибандын” позицияларына абадан сокку урганын НАТО билдирүүдө.

Андан мурда Афганистандын өкмөттүк аскерлери Кундузду бошотуп алуу үчүн чабуул баштаганын кабарланган. Кундуз шаарын талибдер дүйшөмбүдө басып алган эле.

Соңку маалыматтар боюнча армия талибдерден шаардык түрмөнүн жана провинциянын полиция башкармасынын имаратын кайтарып алышты.

Талибдердин кол салуусу 28-сентябрда башталды. Ага бир нече жүз согушкер катышты. Кечинде согушкерлер шаардын теңин каратып, андан кийин бүтүндөй баып алышты.

Кундузда бир катар стратегиялык жолдор кесилишет, ал эми провинциянын өзү Тажикстан менен чектешет. Шаардын калкы 100 миңден ашат.

Кундузду басып алуу согушкерлер үчүн 14 жылдан берки биринчи чоң ийгилик болуп саналат.