"ИМ" тобунун пропагандасы эмнени көздөйт?

Сүрөттүн булагы, Other
Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топ ырайымсыздыгы менен белгилүү. Бирок алар амалкөйлүк менен элди “кайырмактын” учуна илип алып жатканын Лондондогу Qulliam фондунун башкы изилдөөчүсү Чарли Винтер аныктап чыкты.
Мен өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун пропагандасын бир топ убакыттан изилдеп келем. Ал менин күнүмдүк ишимдин бир бөлүгүнө айланган. Андыктан үрөйүм учпай деле калган.
Бирок “Ислам мамлекети” тобунун 4-июлдагы бир видеосу менин “коргонуу чебимди” бузуп кирди. Анда өспүрүм балдар кыдырата тизилип турганы, алардын алдында Ассадды жактайт делген 25 аскер чөгөлөп отурганы көрсөтүлөт. Өспүрүмдөр аскерлердин башына мылтык такап турушат. Жүрөктүн үшүн алган бул киши өлтүрүү Пальмирадагы Рим театрында орун алган.
Адаттагыдай аскерлерди өлтүрөөргө келгенде видеону токтоттум. “ИМдин” ашкере ырайымсыздыгына көнүп калсам да бул видеонун таасири башкача болчу. Себеби менин иш үстөлүмдө беш жыл мурда дал ошол Пальмирадагы театрда тартылган, жубайым, атам жана өгөй энем менен чогуу түшкөн сүрөт турат.
Алар мен Сирияда жашап жүргөн учурда келип кетишкен. Өлкө жарандык согушка сүңгүп кирип жаткандыктан Сириядан кетүүгө аргасыз болгом. Ал мезгилде келечек эмне тартуулаарын ким билиптир...

Сүрөттүн булагы, Other
Андан бери мен Сирияга бекем көз салып, жихадчыл топтордун баскан жолдорун изилдеп келдим. Алепподогу чеп болобу же Босрадагы амфитеатр болобу, айтор, өз көзүм менен көргөн жерлер жана эстеликтер талкаланганына күбө болуп жаттым. Бирок Пальмирадагыдай жазалоону көргөн эмесмин.
Театрдагы бул окуяны көрсөткөн видеодон кийин атууга кеткен аскерлер жана аларды атууга колдонулган өспүрүмдөр тууралуу ойлонбой коё албадым. “ИМ” тобу эмне үчүн муну жасаганын билсем да суроого толугу менен жооп бере албай жаттым. Андыктан өзүм чогулткан маалыматтарга кошуп, “ИМ” пропагандисттеринин аң-сезимин көрсөткөн иликтөөгө муктаж болдум.
Бул видеолор кимге багытталганын жана “ИМ” өзүн кандай көрсөтүүнү көздөөрүн аныктоо үчүн буга чейин билгендеримди колдонуп, алардын дүйнөсүнө сүңгүп кирүүнү чечтим. “Ислам мамлекети” тобунун идеологиялык жактан өтө берилген колдоочуларын аскердик жана ашкере ырайымсыз пропаганда кызыктырганы бышык. Бирок калгандарын эмне кызыктырды? Үйлөрүн таштап “Ислам мамлекети” тобу түзгөн "халифатка" кошулган жөн-жай эркек жана аялдар тууралуу эмне айтууга болот?
Буга жооп табуу үчүн мусулман календарындагы Орозо айынан кийинки Шавваль айында, тактап айтканда 17-июлдан 15-августка чейинки убакытта күн сайын эки саат бою “ИМ” тобунун интернетке чыгарган, анын ичинде “Твиттердеги” маалыматтарын изилдөөгө өттүм.

Сүрөттүн булагы, BBC World
Табылгалар мени таң калтырды. Ырайымсыздыгы үчүн эмес. 30 күндүн ичинде эле “ИМ” тобунун расмий пропагандисттери 1146 пропаганда материалын жаратып, таратышкан. Ал үчүн сүрөт-видеолор, аудио билдирүүлөр, радио программалар, тексттердин кыскача топтому, журнал-постерлер сыяктуу түрдүү ыкмалар колдонулган. Радиопрограммалар менен текст түрүндөгү жаңылыктар алты тилде таратылган. Бул продукциялардын баары деталдарына чейин жакшы ойлонулуп, кылдаттык менен жасалган.
Албетте, көп маалыматка туш болом деп ойлогом, бирок мынчалык көп көлөмдө болот деп ойлогон эмесмин. Мен байланышкан эксперт да “ИМ” чыгарган материалдар мындан да көп экенин айтты.
Бул - болуп көрбөгөндөй чоң деңгээлдеги пропаганда. Балким башка эч бир экстремисттик кыймыл бул топтун пропагандасына атаандаша албайт.
Мен колго тийген материалдардын ар бир мүнөтүн анализдей баштадым. Алгач пропаганда материалдары бири-бирине окшоштой сезилип жаткан. Бир күн мурдагы аскердик жеңиштерди баяндаган аудиолорду жана жазууларды байма-бай көрүп жаттым. Мындай абал күн сайын кайталанат. Андан соң жөн-жай тургундардын жашоосун, аскердик көнүгүүлөрдү, курмандыктарды, ашкере ырайымсыздыкты, жан соога берилген мисалдарды жана чет өлкөлүк согушкерлердин ортосундагы достук мамилелерди көрсөтүшөт. Ар күнү бир теманы башкаларына караганда көбүрөөк чагылдырышат.
Көбүнесе утопиялык идеяларга, атап айтсак социалдык адилеттик, экономика, диний тазалык жана “халифаттын” кеңейиши өңдүү темаларга басым жасашат.
Кайсы бир күндөрү аскердик маашыгуулардан тартылган видео, фотолор жайнай түшөт.

Сүрөттүн булагы, Other
Ал эми материалдардын мазмуну өтө терең экенин байкоого болот. Мисалы Шавваль айынын 23-күнүндө 50дөн ашык пропаганда материалдары чыкты. Сүрөт-видеолордо “ИМ” тобунун Сириянын түндүгүндөгү чабуулу жана Салахуддиндеги курмандыктарды эскерүү иш-чарасы өңдүү окуялар камтылган. Ошондой эле жабырлануучуларга да көңүл бурулуп, Ирактын Анбар жана Киркук провинцияларындагы аба чабуулдардын кесепеттери көрсөтүлгөн.
Пропагандисттер жөн-жай адамдардын турмушу жөнүндө баяндоону да унутушкан эмес. Элүү материалдын 32си карапайым адамдардын турмушун көрсөтөт. Алардын арасында Мосулдагы семинар, Фаллужада таратылган гезиттер, Каярада телефон линиялары оңдолгону, Шаркатта тамекилер конфискацияланганы, керек болсо Бир-ал-Касабда төөлөрдүн багылганы тууралуу материалдар бар.

Сүрөттүн булагы, BBC World

Сүрөттүн булагы, BBC World

Сүрөттүн булагы, BBC World
“ИМ” тобу “материалдарды үзгүлтүксүз, үстү-үстүнө чыгаруу” аттуу медиа стратегияны колдоноорун түшүндүм. Топтун медиа кызматкерлери ушунчалык көп сандагы маалыматтарды чыгаруу аркылуу чындыгында эмне болуп жатканын билүүгө тоскоолдук жаратууда. Алардын материалдары интернетти селдей эле каптагандыктан, алар кандай “брендди” түзүп чыгып жатканын аныктоо кыйын болуп калууда. Алар каршылаштарынын үрөйүн учуруу менен бирге өздөрүнө ыктаган аярлуу катмардын өкүлдөрүн азгырып кетип жатышат.
Пропагандисттин аң-сезимин түшүнөйүн деп жеке кызыгуум үчүн баштаган иликтөөм мен ойлогондон да көп нерседен кабар берерин түшүндүм.

Сүрөттүн булагы, Other
Колумда архив пайда болгондон кийин материалдардын ичиндеги айырмаланган темаларды же тренддерди аныктай баштадым. Кызыгы Шавваль айынын алгачкы бир нече күнүндө ырайымсыздык эч көрсөтүлбөгөнүн көрдүм. Аны түшүнсө болот. Анткени Рамазан айы бүткөндөн кийин Шавваль айы Айт майрамын белгилөө менен башталат. Андыктан “Ислам мамлекети” тобу ырайымсыздыкты көрсөтпөй турууну чечкендей. Анын ордуна майрамдык маанайды көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Сүрөттүн булагы, Other
Шавваль айы ортологончо күнүмдүк турмуш менен катар аскердик аракеттерди күбөлөгөн сүрөттөр көбөйө баштады.
Видеолор болсо нике бюросу же наабайчылык тууралуу жөнөкөй материалдардан тарта, будпарастыкты алдыга сүрөйт делген жайлардын жок кылынышы, диний кылмыштар боюнча жазалар, керек болсо гомосексуализмге шектелген бир кишинин чатырдан кулатылышы өңдүү темаларды өзүнө камтыйт.
Жөн-жай адамдардын турмушун көрсөткөн ар бир эки видеого аскердик аракеттерди чагылдырган бир видео туура келет. Алардын арасында жаңы кошулгандардын машыгуусу, чабуулга кетип бараткан жан кечтинин акыркы керээздери бар.
Пропагандисттер жөн-жай жана аскердик турмушту көрсөтүү менен бирге жабырлануучуларга да орун беришкен. Душмандардын аба чабуулунан кийинки зыяндарга да басым жасалган. Мындай кабарларда жүрөктүн үшүн ала турган сүрөттөр колдонулган.

Сүрөттүн булагы, Other
Жарыяланган материалдардын ар бирин өзүнчө бөлүп караса, ал эч нерсе билдирбейт. Бирок аларды жалпы алып караганда “Ислам мамлекети” тобунун көзөмөлү астындагы жашоону мыкты чагылдырып берет. Аудиториянын ар бир мүчөсүнө керектүү маалымат бар. Мисалы ырайымсыз жазалоолор топтун колдоочуларын кубаттап, душмандарын коркутат. Айыл-чарба жана индустрияны даңазалаган материалдар экономикалык барчылыкка умтулгандарды кызыктырат. Адамдын башын алып салуу көрүнүштөрү мыйзам жана тартипти издегендерге багытталат. Мындан сырткары ажайып кооз жаратылышты көрсөткөн тасмалар аркылуу бейиштин маанисин жеткирүүнү көздөшкөн. Мунун баары “халифат” брендин түзүүгө багытталган.

Сүрөттүн булагы, Other
Маалыматтарды талдап чыккандан кийин бул пропаганда “Ислам мамлекети” тобунун чет жердеги имиджине гана эмес, жаңы колдоочуларды тартууга багытталганын түшүндүм.
“Ислам мамлекети” тобунун алдында жашаган жөнөкөй адамдын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз. Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Мындай мүмкүнчүлүк сейрек келсе да, артыңда согушкер аңдып олтурат. Маалымат эркиндиги жок. Пропагандисттер сунуштаган “жаңылыктарды” сынга ала турган маалыматтарды алуу мүмкүн эмес. Топ көзөмөлдөгөн аймактарда таратылган гезиттерде жана телевизордогу видеолордо пропагандисттердин “халифат” делген идеологиялык түшүнүгү өкүм сүрөт. Аудитория туткунга айланган.
Мындай көрүнүш интернетте да бар. Мен муну изилдөө максатында жасадым. Бирок “ИМ” тобунун дүйнө жүзүндөгү колдоочулары үчүн бул пропаганда - жаңылыктардын негизги булагы болуп саналат. Колдоочулар кошумча маалыматтарды алууга кудурети жетсе да, көбүнесе пропагандадан башка булактарды колдонбойт. Алар “Ислам мамлекети” түзгөн маркетинг моделине көз каранды болуп калышкан.
Июль айында мен бул долбоорду “Ислам мамлекети” тобунун пропаганда стратегиясын тереңирээк түшүнүү үчүн баштагам. Бирок мен күткөндөн пайдалуу жыйынтыктар ачыкка чыкты. Бир ай ичиндеги гана медиа материалдарын анализдөө менен бул топ ички жана тышкы аймактарда эмнеге жеткиси келгени белгилүү болду. “ИМ” тобундагы чечим кабыл алуучулар эмнени көздөгөнүн билгенден кийин, балким бул топко каршы күрөшкөндөр топтун маалымат айдыңындагы үстөмдүгүнө дагы натыйжалуу таасир эте алышаар.
*Чарли Винтер Лондондогу Qulliam фондунун башкы изилдөөчүсү.




























