Кэмерон экстремизм жашынган диний мектептерди жаптырат
Улуу Британиянын премьер-министри Кэмерон жекшембилик мектептерди текшертип, диний экстремизм жыттанган мектептерди жаптыра турганын билдирди
Кэмерон Консервативдик партиянын конференциясында сүйлөгөн сөзүндө балдардын атайын адистешкен христиандык, иудейлик жана мусулмандык мектептеринде динди окуп үйрөнүшүнөн жаман нерсе көрбөй турганын белгилеп, бирок мындай мектептердеги окуулар балдардын аң-сезимин бузбастан, алардын кругозорун байытышы керектигин баса белгиледи.
"Билесиздерди, биздин өлкөдө медреседе бир нече саат отурган балдар бар»,-деп кайрылды Кэмерон конференциянын катышуучуларына. - "Мен так түшүндүрөйүн: Балдардын медреседе, жекшембилик мектепте же еврейлик иешивде өздөрүнүн динин окуп үйрөнгөнүндө эч жаман нерсе жок. Бирок кээ бир медреселер балдарды башка диндин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн качууга үйрөтүшүп, аларды күч менен жазалап, еврейлер жөнүндө ар кандай конспиративдүү теорияларга сугарышууда".
"Бул балдардын аң-сезимин ууландырып, жүрөгүн жек көрүүгө толтурбастан, алардын кругозорун гана байытыш керек", - деп баса белгиледи британ премьери.
Кэмерон кандай гана диний мектеп болбосун, анын баарын англис мектеби катары каттоодон өткөртүп, текшерүүгө алынарын билдирип, эгер экстремизм жыттанган мектеп болсо, ал жабыла турганын эскертти.
Британ өкмөтүнүн өкүлдөрү жаңы тартип эреже Англиядагы жумасына сегиз же андан көп саат окуткан диний мектептердин баарына тиешелүү болорун айтышууда.
Бул категорияга христиандык жекшембилик жана еврейлик мектептер, ошондой эле эки миң медресе кириши мүмкүн.
Көптөгөн диний жекшембилик мектептер диний ырым-жырымдар жасалган жерлерде окутушат, ал эми кээ бир сабактар жеке үйлөрдө өткөрүлгөн учурлар да болот.
Мындай мектептер аракеттеги мыйзам боюнча каттоодон өтүүгө милдеттүү эмес жана алардын ишмердиги текшерилбейт. Эми премьер-министрдин пландары боюнча бардык окуу жайлар Билим берүү министрлигинде каттоодон өтүүгө тийиш болот.
Тийиштүү мыйзам кабыл алынгыча, өкмөт диний уюмдар менен консултацияларды өткөрүп, инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин макулдашып алган жатат.
Би-Би-Синин маалыматы боюнча диний уюмдар менен талкуу жыйындары жакын арада башталмакчы.
Өкмөттөгү булактын айтымында, Дэвид Кэмерондун демилгеси өлкөдөгү мусулман жамаатынын кээ бир медреселердин ишине кооптонгон билдирүүлөрүнө жооп болуп калды.
Өкмөт өкүлдөрү көптөгөн медреселердин ишмердигинде мыйзамга каршы эч кандай маселе болбойт деген жакшы пикирде болуп жатышат.





























