Австралия: мигранттардын абак жайында башаламандык

Сүрөттүн булагы,
Австралиянын Кристмас аралында мыйзамсыз мигранттарды кармаган абак жайда жаңжал тутанды. Абактагылар кармалгандан бири бүдөмүк жагдайда өлгөнүнө нааразылык билдиришкен.
Расмийлердин маалымата караганда, абактагылар борбордун аймагына өрт коюп, тегерек-четин талкалап жатышат.
Австралиянын иммиграция боюнча департаменти борбордо башаламандык болуп жатканын мойнуна алууда, бирок бул “бунт” эмес деп кошумчалады.
“Алар бардык жерге от жагып алышты. Ашкана жана жеке буюмдар сакталган бөлмөлөргө кирип келишти”, - деди абактагыларды бири Эй-Би-Си ньюс телеканалына берген интервьюсунда.
Борбордон күзөтчүлөрдүн бардыгы чыгарылып кеткени айтылууда.

Сүрөттүн булагы, AP
Австралия бийликтеринин айтымында, башаламандыктардын тутанышына Фазель Чегени аттуу ирандык курттүн өлүмү себеп болгон. Ишемби күнү ал борбордон качып кеткен.
Жекшембиде анын сөөгүн жардын түбүнөн табышып, медициналык иликтөөгө алып кетишкен.

























