Мьянмада бийликтеги партия жеңилди

Опозициялык “Демократия үчүн улуттук лига” добуштардын 70%ын алганын жар салды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Опозициялык “Демократия үчүн улуттук лига” добуштардын 70%ын алганын жар салды.
Published

Мьянмада (Бирма) бийликтеги “Союздук тилектештик партиясынын” лидери У Хтай Оо парламенттик шайлоолордон жеңилип калганын мойнуна алууда.

“Биз утулдук. Эмне себептен мындай болгонун түшүнүү”, - керек деди саясатчы.

Ал эми оппозициялык “Демократия үчүн улуттук лига” партиясынын өкүлү Вин Тхеин бул партия добуштардын 70%ын алганын жар салды.

“Аталган маалыматтарды эми шайлоо комиссиясы ырасташы керек. Бирок биздин эсептөөлөрүбүз туура экенине ишенебиз”, - деди Тхеин.

Бул өлкөдө атуулдук өкмөт бийликке келген 2011-жылдан бери биринчи жолу жалпы элдик шайлоолор өткөрүлүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул өлкөдө атуулдук өкмөт бийликке келген 2011-жылдан бери биринчи жолу жалпы элдик шайлоолор өткөрүлүүдө.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Мьянмадагы шайлоону “алдыга карай маанилүү жылыш” деп мүнөздөп, бирок шайлоону ойдогудай өттү деп айтууга болбой турганын кошумчалады.

“Демократиялык атуулдук өкмөт түзүү багытында дагы деле көптөгөн структуралык жана системалык тоскоолдуктар бар”, - деди Керри.

Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын чыгаруу дүйшөмбү күнү таң эртең мененки сааттарга пландаштырылып жаткан. Бирок белгисиз себептер менен ал кийинкиге жылдырылды.

Мьянманын парламенти 664 депутаттан турат. Алардын чейрек бөлүгү өлкөдөгү аскерий жетекчилер тарабынан дайындалат. Бул өлкөдө атуулдук өкмөт бийликке келген 2011-жылдан бери биринчи жолу жалпы элдик шайлоолор өткөрүлүүдө. Анткени менен аскерий жетекчи, генерал Тан Шве дагы деле президенттик кызматты ээлеп турат.

Мындан мурда да 1990-жылы оппозициялык лидер Ан Сан Су Чжи жетектеген “Демократия үчүн улуттук лига” партиясы шайлоодон жеңип чыккан. Бирок анда генералдар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, аскерий диктатура орнотуп алышкан. Ан Сан Су Чжи 15 жыл үй камагында жаткан. Кийин ал Нобель сыйлыгына татыган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мындан мурда да 1990-жылы оппозициялык лидер Ан Сан Су Чжи жетектеген “Демократия үчүн улуттук лига” партиясы шайлоодон жеңип чыккан. Бирок анда генералдар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, аскерий диктатура орнотуп алышкан. Ан Сан Су Чжи 15 жыл үй камагында жаткан. Кийин ал Нобель сыйлыгына татыган.

Мындан мурда да 1990-жылы оппозициялык лидер Ан Сан Су Чжи жетектеген “Демократия үчүн улуттук лига” партиясы шайлоодон жеңип чыккан. Бирок анда генералдар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, аскерий диктатура орнотуп алышкан.

Ан Сан Су Чжи 15 жыл үй камагында жаткан. Кийин ал Нобель сыйлыгына татыган.