Мьянмада өлкөнүн жаңы президенти ант берди

Сүрөттүн булагы, EPA
Мьянмада (мурдакы Бирмада) элүү жылдан бери биринчи жолу президент болуп шайланган жарандык лидер ант берди.
Ант берүү аземи өлкөнүн борбору Нейпьидо шаарында болду.
Бул иш чара өткөн жылы шайлоодо жеңип чыккан Демократия үчүн Улуттук лигасына бийликти өткөрүп берүүнүн соңку этабы болуп калды.
Хтин Чжо Нобель сыйлыгынын лауреаты, оппозиция лидери Аун Сан Су Чжи менен жакын мамиледеги саясатчы саналат.
Ошондуктан ал аркылуу Аун Сан Су Чжи өлкөнү өзү башкарат деп жатышат. Конституция боюнча Аун Сан Су Чжиге президент болууга болбойт.
Анткени, анын күйөөсү британдык жаран, ал эми балдары башка өлкөнүн жарандары.
Ошол эле учурда оппозиция лидери президентке караганда өлкөнүн саясатына катуурак кирише турганын өзү дагы айтууда.
Хтин Чжо буга чейин өнө жай министрлигинде иштеди. Ал ошондой эле Аун Сан Су Чжи түзгөн кайрымдуулук фондун башкарат.




























