Кытай-Корей согушу: жоокерлердин сөөгү Түштүк Кореядан алып келинди

Published

Согуштун аяктаганына 60 жыл өткөн соң, андагы айыгышкан салгылаштарда курман болгон 36 кытай аскеринин сөөгү мекенине Түштүк Кореядан алып келинди.

Сөөктөр өткөн жылы Түндүк Корея менен чектеш Пажу аймагында табылган.

2014-жылы эки мамлекет келишип мамилелер жакшыргандан кийинки бул курмандыктардын сөөктөрүн үчүн ирет кайтарып берүүсү.

Бул согушка Түндүк тарапта Кытай менен Советтер Союзу жана Түштүк тарапта АКШ жетектеген БУУнун аскер күчтөрү катышкан.

Түштүк Кореянын жана Кытайдын аскер расмийлери катышкан иш чара Сеулдун Инчхон аэропортунда болуп, андан кийин кытай жоокерлеринин сөөгү Кытайдын Шэньян шаарына жеткирилди. Ал жерде согушта курман болгондордун мүрзөсү бар.

Би-би-синин Сеулдагы кабарчысы билдиргендей, кытай жана түндүк корей жоокерлеринин сөөгү согуш аяктагандан 60 жылдан бери изделип келет. Көп учурда алар тоо бетинде өскөн чытырман токойлордо жан берген жеринен табылат.

Кабарчынын айтымында, окумуштуулар алардын ким экенин колундагы куралынан, кийген аскер кийиминен аныкташат. Бирок, көп учурда курман болгон жоокердин аты жөнүн таап билүү мүмкүн эмес.

2014-жылы макулдук жетишилгенден кийин 505 жоокердин сөөгү Кытайдын Циньминь – курмандыктарды эскерүү салтына карата берилген. Бул ирет ал 4-апрелге туура келет.

Тарыхтагы балким эң кандуу жарандык, 1950-53 жылдардагы Корей согушунда 1,5 миллионго чейин коммунисттер курман болгон.

Башка курмандыктардын арасында 30 миңдей АКШ жоокери, 400 миңге жакын Түштүк Кореянын аскери жана 1 миң чамасында Британ жоокерлери да болгон. Ошондой эле эң кеминде 2 миллион жай тургун курман болгон.

Эки Кореяда тең он миңдеген кишилер дайынсыз жоголгондордун тизмесинде жана маал маалы менен табылган чет элдик жоокерлердин сөөгүн кайтарып берип турушат.

Бирок, Би-би-си кабарчысы билдиргендей, Түштүк Кореяда табылган 800 жакын Түндүк Кореялык жоокердин сөөгү Сеул менен Пхеньяндын мамилеси начар болгондуктан мекенине жеткирилбей кала берүүдө.

Корей согушу ок чыгарууну убактылуу токтотуу келишими менен аяктаган. Расмий тынчтык келишимине эч качан кол коюлган эмес жана эки Корея кагаз бетинде дагы эле согуш абалында. (АВ)