АКШ 12 адамды Гуантаномо түрмөсүнөн башка өлкөлөргө которот

Сүрөттүн булагы, Getty
АКШнын Коргоо министрлиги Кубадагы Гуантанамо аскер түрмөсүнөн 12 адамды башка мамлекетке которуу тууралуу планын жарыялады.
Абактагыларды кайсыл мамалекеттерге которору тууралуу азырынча Пентагон так билдире элек. Эки мамлекетке орун алмаштыраары гана белгилүү. Аларды жеткирүү жакынкы апталарда болооору күтүлүүдө.
Терроризм жана аскер кылмыштары боюнча айыпталып, учурда Гуантанамодо жалпысынан 90 киши кармалууда. 2002-жылы алардын саны 800 деп эсептелген.
АКШ президенти Барак Обаманын бир нече ирет Гуантанамо абагын жабуу боюнча билдирүүлөрү, түрмөдөгүлөрдүн укугун бузду деп адам укуктарын коргоочу топтордун сынына кабылып келген.
Бул планга ылайык, 2016-жылдын жайында Гуантанамодо камалгандар жазасын өтөө үчүн өз өлкөлөрүнө же АКШнын аймагындагы башка түрмөлөргө жөнөтүлөт.(AbK)
























