Италия менен Австрия: чек арада качкындар полиция менен кагылышты

Маалыматтарга караганда, мигранттар менен полиция ортосунда тирешүү болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маалыматтарга караганда, мигранттар менен полиция ортосунда тирешүү болгон
Published

Австриядан келген маалыматтарда айтылгандай, бул өлкөнүн Италия менен чектешкен Бреннер ашуусунда качкындар менен полиция ортосунда кагылышуу болду.

ORF деп аталган австриялык радиоберүү корпорациясынын айтымында, миңге жакын киши Европанын мигранттарга эшигин жаап койгону үчүн чек арада нааразылык акциясын өткөрүштү.

Маалыматтарга караганда, алардын айрымдары өздөрүн агрессивдүү алып жүрүп, полиция менен кагылыша кеткен, арасында жарадар болгондору да бар.

Австрия бийлиги аскер бөлүктөргө жардам иретинде ашуунун бардык жерине полицияны орнотуу чечимин кабыл алган.

Бреннер ашуусу Австрия менен Италияны байланыштырган негизги жол болуп саналат. (ErA)