Путиндин шектүү иштери жөнүндө документтер жарыяланды

Сүрөттүн булагы, AP
«Россия» коммерциялык банкы акчаларды адалдоо боюнча потенциалдуу иштерге пайдаланылып, ага Россия президенти Владимир Путиндин жакын тааныштары катышкан болушу мүмкүн экендиги Журналист иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциумунун (ICIJ) материалдарында айтылат.
ICIJ колуна Mossack Fonseca панамалык юридикалык компаниянын материалдары тийди, анда изилдөөнүн авторлору ырасташкандай, бул компания кардарларга салык төлөбөй жана ар кандай санкциялардын кутулуп кеткенге жардам берген учурлар болгону айтылат.
Фирманын документтеринде ар кайсы өлкөлөрдүн 72 мурдакы жана азыркы башчыларынын аты, ошондой эле көптөгөн белгилүү компаниялар менен адамдардын аты аталат.
ICIJ изилдөөсүнүн жыйынтыктарын консорциумдун дүйнөлүк алдыңкы ММКлардагы өнөктөштөрү жарыялап жатат. Бул материалдардын үстүнөн Би-Би-Синин “Панорама” программасынын кабарчылары да иштеген эле.
Документте Россияга тигил же бул жагынан тиешеси бар төрт компания аталган – Sonnette Overseas, International Media Overseas, Sunbarn жана Sandalwood Continental.
Бул компаниялардын баары офшордо катталган жана «Россия» банкы жана Россия президентинин жакын тааныштары менен байланышта деп айтылууда.
Бул компаниялардын баары эксперттер таанышып чыккандан кийин шектүү деп атап жаткан иштерге катышкан экен.
Путиндун досу

Сүрөттүн булагы, AP
Акчаларды адалдоо менен байланыштуу иштер боюнча белгилүү британдык эксперт, королдук адвокат Эндрю Митчелл Би-Би-Синин «Панорама» программасындагы маегинде соз болуп жаткан документтерде жасалмалуулуктун белгилерин көргөнүн билдирди. Ал бул жерден кадыресе коммерциялык логиканы тапкан эмес.
Документтердин бирине караганда, Sandalwood Continental компаниясы бир долларга кандайдыр бир активдерди сатып алып, аны үч айдан кийин 133 миллион долларга саткан.
Sandalwood ошондой эле Россия мамлекетине таандык банктан 800 млн доллар ссуда алган. Документтерге караганда аталган компания ссудаларды төлөп бере алары жөнүндө боюнча эч кандай кепилдик берген эмес.
Финансы кылмыштары жана коопсуздук борборунан Том Китинг "Панорамага" бул транзакцияларда акчаны адалдоонун белгилери бар деп билдирди. Анын пикиринде, бул иштердин баарын иликтеп чыгуу керек.
2009-жылы тартылган сүрөттө Владимир Путиндун оң жагында Санкт-Петербург музыка үйүнүн азыркы көркөм жетекчиси Сергей Ролдугин.
“Мен көргөндүн баары мени "Токто, биз эмне иш болгонунун баарын кылдат иликтеп чыгышыбыз керек" деп айтууга мажбурлоодо. Булар, бир доллардан башкасы, компенсациясы жок жоюлган кредиттерби же белгилүү себеби жок бир нече колдон өткөн кредиттерби",-дейт Том Китинг.
Документтерге караганда, International Media Overseas жана Sonnette Overseas расмий түрдө виолончелист Сергей Ролдугинге таандык. Ал Владимир Путиндин бала чагынан берки досу жана анын кызынын өкүл атасы катары белгилүү. “От первого лица” деп аталган китепте анын болочок президент менен тааныштыгы жана жакын достугу жазылган.
ICIJ жарыялаган документтерге ылайык, эксперттер шектүү деп жаткан иштерден Ролдугиндун компаниясыбир нече миллион доллар киреше тапкан. Ошого карабастан, бул музыкант ээлик кылган компаниялардын биринин документтеринде анын акыркы ээсинин «инсандыгын жана конфиденциалдуулугун» коргоо үчүн түзүлгөнү айтылат.
Виолончелист кабарчыларга өзүнүн ишкер эместигин айтып келген. Бирок офшордогу иштерге катышып калганы анын компаниясын кимдир бирөө өзүнүн иштерин бүткөрүш үчүн пайдаланган деген шек туудурууда.
Шектүү кредиттер
2011-жылдын башында Британиянын Виргин аралдарында катталган Sandalwood Continental компаниясы Кипрде катталган Horwich Trading компаниясына 200 млн. доллар кредит берген.
Анын эртеси Sandalwood Британиянын Виргин аралдарында катталган Ove Financial Corp деп аталган компанияга кредит төлөмдөрүн кабыл алуу укугун берип, аны болгону 1 долларга баалаган.
Ошол эле күнү Ove өзү алган укукту расмий түрдө Сергей Ролдугинге таандык International Media Overseas панамалык компанияга 1 долларга өткөрүп берген.
Бул кредиттин пайыздык төлөмдөрү эле бир жылда 8 млн. долларды түзөт.
Изилдөөлөргө караганда, Sandalwood Continental АКШ “орусиялык чоң мансаптагы чиновниктердин гана банкы” деп саналган “Россия” менен кызматташтыгы бар. Sandalwood Continental компаниясынын ээси ким экени белгисиз.
“200 млн.доллардык кредит жана бир доллар төлөп, жыл сайын андан сегиз млн доллар алууга укук берүү коммерциялык негизде болушу мүмкүн эмес”, - деди Эндрю Митчелл Би-Би-Синин “Панорама” программасына берген интервьюсунда.
Бул эксперттердин күмөнүн жараткан, орусиялык компаниялар менен түзүлгөн келишимдердин бири гана.
Mossack Fonseca документтеринде жалпы суммасы кеминде эки млрд долларды түзгөн бул сыяктуу ондогон келишимдер болгону айтылат.
Мисалы, 2007-жылы International Media Overseas 6 млн доллар кредит алып, аны үч айдан кийин бир долларга башка бир компанияга өткөрүп берген.
Эксперттердин көңүлүн бурган дагы бир шектүү көрүнүш – International Media Overseas компаниясынын баалуу кагаздарды сатуу менен алектенүүсү. Аталган компания баалуу кагаздарды брокерлерге сатып, анын эртеси аларды кайра төмөн баада сатып алган.
Андан тышкары бул компания баалуу кагаздар келишими аяктай электе эле андан пайда таап турганы айтылат. Компания бул учурда компенсация алып турган. Келишим түзүү жана аны жокко чыгаруу бир убакта ишке ашкан.
“Бул бизнес эмес. Бул бизнес жүргүзүмүш болуп активдерди жашыруу жана аралаштыруу гана” – дейт Эндрю Митчелл.
Ролдугин International Media Overseas компаниясына швейцариялык банктардын биринде эсеп ачкан. Эсеп ачуу документтеринде берилген “маанилүү саясий кишилерди тааныйсызбы?” деген суроого Ролдугин "жок" деп жооп берген.
КамАЗ жана АвтоВАЗ акциялары

Сүрөттүн булагы, RIA Novosti
ICIJ документтерине караганда, Россия менен байланышы бар Sonnette Overseas компаниясы "КамАЗ" компаниясынын акцияларын сатып алуу жөнүндө акылга сыйбаган келишимдерди да түзгөн.
2008-жылы Sonnette офшордогу компания консорциумга (капиталисттик өлкөлөрдө белгилүү бир финансылык операцияны иш жүзүнө ашыруу үчүн бир нече банктардын же ири банкирлердин монополисттик бирикмеси) кирген. Бул бирикме "КамАЗдын" 27% акциясын жүз миң долларга баалаган укук алган. Daimler корпорациясы ушул эле жылы "КамАЗдын" 10% акциясы үчүн 250 млн доллар төлөгөн.
Дагы бир башка Sunbarn деп аталган компания 2009-жылы АвтоВАЗдын 20% акциясын болгону 50 миң долларга алган офшордогу беш компаниянын катарына кирген. 2007-жылы Renault француз компаниясы АвтоВАЗдын 25% акциясын 1 млрд долларга сатып алган.
«Россия» коммерциялык банкы жана Аркадий Ротербергдин катышы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Документте көрсөтүлгөндөй, Sandalwood Continental компаниясы “Кипрдин орус коммерциялык банкынан” жалпы суммасы 600 млн долларлык бир канча ирет кредит алган.
Андан соң бул акчалар офшордогу компанияларга берилген. Алардын бири Санк-Петербургга жакын жайгашкан «Игора» аттуу тоо курортуна ээлик кылат.
2006-жылы бул курорттун ачылышына Путин катышкан эмес. 2013-жылы болсо ушул эле курортто, "Рейтер" агентсвосунун айтымында, Путиндин кызы, «Иннопрактика» фондунун жетекчиси- Катерина Тихонованын үлпөт тою өткөн. Бирок орус президенти Катерина кызы экенин тастыктабай келет.
Акчаны алган компания азыр Юрий Ковальчуктун «Россия» банкына бөлүп-бөлүп акча төлөп жатат. АКШ санкция кылган компаниялардын арасында Юрийдин мекемеси да бар. Ал Путиндин «кассирлеринин» бири деп айтылат.
Ковальчуктун адвокаты, «Россия» банкына тиешелүү бардык маалыматтар милдетүү түрдө ачык айкын көрсөтүлүп жатканда эмне үчүн кардарлар көп суроо берип жатканын түшүнбөй жатканын айтат.
Sunbarn компаниясы бизнесмен Аркадий Ротенбергге тиешеси бар компаниялардан 231 млн доллар кредит алган. Ротенберг Путинди эски досу экени да айтылат. Далилдеп көрсөтсөк, компания карызын төлөгөн эмес.
Акчаны төлөп берүүгө бир аз калганда Ротенбергдин “Стройгазмонтажы” түштүк тарапка газ түтүгүн орнотуу боюнча чоң өлчөмдөгү тендерди жеңип алган.
“Маалыматтык чабуул”
Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков программанын чыгышына бир жума калганда ММКлар Путинге жана анын айланасындагыларга каршы маалыматтык чабуулга даярданып жатканын билдирген эле.
«Албетте, Путиндин өзү, үй-бүлөсү, жаштыгындагы достору, Ковальчук, Ротенберг сыяктуу бизнесмендер, чет элдик компаниялар, ал турсун Путин өз көзү менен көрбөгөн бир катар бизнесмендер тууралуу маалыматтар айтылышы мүмкүн», - деп билдирген Песков.
Россиялык айрым депутаттар ICIJ тараткан маалыматтарды атайын Россиядагы кырдаалды бузуп-жаруу, дүйнөдө анын баркын түшүрүү үчүн көрүлгөн аракет катары баалашууда.
Ал эми "Единая Россия" партиясы бул маалыматтарды келе жаткан парламенттик шайлоо менен байланыштырууда.
Би-Би-Си өкүлдөрү бул иликтөө коомдук кызыкчылыкты көздөрүн жана адилеттүү өткөнүн кабарлады. Алардын айтымында, ICIJ документтери көз карандысыз эксперттердин жардамы менен талданып чыккан.
Жогорку чөйрөдөгү кардарлар
ICIJнын жекшембиде жарыяланган материалдарында башка мамлекет жетекечилерине же алардын үй-бүлөсүнө, ошондой эле ири ишкерлер, спортчулар жана атактууларга байланышкан офшордук эсептер көрсөтүлгөн.
Көбүнчө бул адамдардын кызыкчылыгында өткөрүлгөн иштер тууралуу айтылат.
- Украинанын президенти Петр Порошенко
- Улуу Британиянын азыркы премьер-министри Дэвид Кэмэрондун маркум атасы
- Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук катчылыгынын саясий кеңешинин мүчөлөрү
- Исландиянын премьер-министри Сигмюндюра Давида Гюннлёйгссон
- Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин балдары
- Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарактын уулу
- Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифтин балдары
- ФИФА чиновниктери
- футболист Лионель Месси
Mossak Fonseca компаниясынын өкүлдөрү ICIJ журналисттерине эч кандай мыйзамдарды бузбагандыгын билдирген.
Компаниянын көп кардарларына журналист-иликтөөчүлөр байланышканда алар өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагышты. Украинанын президенти Петр Порошенконун өкүлдөрү болсо кондитер бизнесинде алдын ала сатууларды кайра түзүү, өткөрүү үчүн офшор керек зарыл болгонун билдиришкен.
Mossak Fonseca компаниясынын айрым кардарлары ICIJтын суроолоруна жооп беришкен эмес.
ICIJ деген эмне?
1997-жылы АКШда түзүлгөн журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму. Аны менен 65 мамлекеттин 190дон ашуун кабарчылары кызматташат.
ICIJ материалдары дүйнөлүк алдыңкы медиа-уюмдар саналган консорциумдун өнөктөштөрүнүн ММКларында жарыяланат. Алардын ичинде Би-Би-Си да бар.
ICIJ мурда Швейцария банктарындагы жашыруун эсептер, дүйнөлүк ири компаниялар Люксембург мыйзамдарын колдонуп, салыктардан кандайча бошонуп жаткандыгы тууралуу жарыялаган.
ICIJ финансылык изилдөөлөрдү гана өткөрбөйт. Уюмдун сайтында ошондой эле табак чылым компаниялары өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн өкмөттөрүн кантип өз кызыкчылыгына будамайлаганы, жырткычтык менен мыйзамсыз түрдө дүйнөлүк масштабда балык уулоо жана башка темадагы макалаларды жарыялаган.





























