“Панама документтеринин” издери Кытайга алып барды
Published
Панамадагы Mossack Fonseca аттуу юридикалык компаниянын миллиондогон документтери ачыкка чыккандан кийин дүйнө боюнча салык кызматтары чара көрүүгө убада кылышты.
Документтер ачыкка чыгып, дүйнөдөгү байлыгы жана бийлиги бар адамдар офшор компанияларын колдонуп, байлыгын катып жүргөнү ашкереленди.
Офшор компаниясына байланышы бар деп аныкталган Исландиянын премьер-министри кызматынан чегинди.
Кытайдын саясий жетекчилеринин, анын ичинде президент Си Цзиньпиндин жакын туугандары да мындай компанияларга байланышканы айтылууда.