"Панама документтери": Бельгиянын экинчи эң бай адамы

Бельгиядагы экинчи бай адам деп эсептелген Патох Шодиев.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бельгиядагы экинчи бай адам деп эсептелген Патох Шодиев.
Published

Бельгиядагы экинчи бай адам деп эсептелген Патох Шодиев бир канча офшордук компанияларга байланышы бар экенин Бельгиянын МО журналы аныктап жазып чыкты. Бул маалымат “Иликтөөчү журналисттердин эл аралык концорциуму” (ICIJ) жана “Зюддойче цайтунг” гезити аркылуу МО журналынын колуна тийген. Би-Би-Си бул басылмалардагы маалыматтардын мазмуну менен тааныштырат.

“Иликтөөчү журналисттердин эл аралык концорциумунун” (ICIJ) колуна тийген документтерде сегиз офшордук компаниялар жөнүндө айтылат. Алардын бир окшоштугу бар. Бул компанияларга бир адам ээлик кылат. Журналдын маалыматында, ал – Альберт Фререден кийинки Бельгиядагы экинчи бай киши – Патох Шодиев

Бельгиянын экинчи эң бай адамынын офшордогу мүлкү

МО журналы жазгандай, Бельгиянын экинчи эң бай адамыны Шодиевдин, салыктан калкалоочу аймактардагы бир катар офшор компанияларына байланышы бар. Бул тууралуу МО журналынын колуна “Иликтөөчү журналисттердин эл аралык концорциуму” (ICIJ) жана “Зюддойче цайтунг” гезити аркылуу тийген ачыкталган маалыматтарда айтылган.

Көнүл буруучу жагдай: Шодиевдин атагы аны дүйнөнүн эң экзотикалык бурчтарында кууп жетүүдө.

- ICIJ колуна тийген PDF документтеринде эң кеминде сегиз офшор компаниясы тууралуу маалымат бар. Алардын жалпы бир өзгөчөлүгү: алар бир негизги кожоюнга таандык. Анын парспорттук маалыматы да электрондук кат алмашууда ачыкталып калган. Ал Бельгиянын жараны, ал Бельгиянын Альбер Фрерден кийинки эле эң бай адамы. МО журналынын маалыматында, анын ысмы Шодиев. Америкалык ишмер Forbes журналы түзгөн миллиардерлердин тизмесинде Шодиев (62) 1,62 миллиард доллары менен 1275-орунда көрсөтүлгөн.

Бай өзбек бизнесмени штаб-квартирасы Люксембургда жайгашкан Евразиялык Ресурстар Тобунун негиздөөчүсү. Компания Бразилияда Казакстан аркылуу иштеп, Россияда жана Африкада иш алып барат. Дүйнө боюнча ага 70 000 адам эмгектенет.

Акча адалдоо тууралуу айыптар

МО журналы жазгандай, 2014-жылдын жазында St Peters Trust бизнести тейлөөчү компания Шодиевдин офшорлору жана Mossack Fonseca компаниясына мамилеси тууралуу толук маалыматты төмөнкү себептен ачыктаган: ал Mossack Fonseca компаниясынын катталган агенти катары иш алып баргысы келген.

Бельгиялык журналдын маалыматында, Mossack Fonseca жооп иретинде St Peters Trust компаниясын Шодиевдин сегиз офшордо топтогон каражаттарынын пайда болушу тууралуу сураган. "Бул Патох Шодиевдин жеке байлыгы”, - деген жооп болгон.

МО журналы жазгандай, St Peters Trust ошондой эле, Шодиев Евразиянын Жаратылыш Ресурстары (ENRC) компаниясынын негиздөөчүсү жана 2007-жылы Лондон биржасында жайгашкан Казак металл өндүрүүчү тобунун акцияларынын ээси экенин билдирген. "Анын байлыгы ENRC-ден келген дивиденддерден жана ENRC Лондон Фондалык биржасында 2007-жылдан тартып жайгашкан”, - деп айтылган. Жана мындан тышкары: “Шодиев Советтер Союзунун Тышкы Соода министрлигинин мурунку кызматкери жана Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин бизнес насаатчысы”, - деп айтылган.

Буга карабастан, Mossack Fonseca Шодиевдин байлыгы тууралуу күмөн саноосун жашырган эмес, деп жазат МО журналы. "Шодиев үйдү күмөндүү акчага (криминалдык жол менен табылган акчаны адалдоо) сатып алган”, - деп айтылат ички электрондук почта аркылуу кат алмашууда. Файлдар тиркелип, алар бельгиялык прессадагы веб-шилтемелердикамтыйт, ал жерде “бай адам акчаны адалдоодо айыпталат” деп айтылган.

St Peters Trust мындай жоопко нааразы болгон. МО журналында жазылгандай, 2014-жылдын 8-майында кат панамалык юридикалык фирманын негиздөөчүсү жана чоң жетекчиси Юрген Моссактын өзүнө жолдолот: "Мен сиз жана компанияңыз бул маселени кайра карап чыгууңузду каалайм”, - деп жазылат ал катта. Mossack Fonseca Шодиевдин кол алдындагы компанияларды кабыл алууну каалабасын жооп катары жазган.

St Peters Trust бардык документтерде артка кайтарып берүүнү талап кылган.

Жөнөкөй эле текшерүү 2016-жылы көрсөтүп тургандай бул ишке тийешеси бар сегиз компания дагы эле иш алып барат жана башка юридикалык фирмага өткөрүлгөн.

Патох Шодиев деген ким?

Шодиев Советтер Союзунда өсүп чоңоюп Москвада эл аралык юриспруденция жана чет тилдерди окуган. Ошондой эле, ал Советтик Тышкы соода министрлигинде кандайдыр бир убакыт эмгектенген.

МО журналынын маалымантында, анын аты дайыма Александр Машкевичтин жана Алижан Ибрагимовдун ысмы менен бирге аталат. Алар анын “коштоп жүргөн жолдоштору” жана бизнес өнөктөрү.

Бельгиялык журнал жазгандай, бул үчөө 90-чу жылдары Казакстандын өнөр жайын менчиктештирүү маалында бирге байыган. Шодиев жана анын эки бизнес өнөктөшү кең талаалуу өлкөнүн саясий элитасы менен жакшы мамиледе болгондуктан жаратылыш байлыктарын колго алышкан. Шодиев Казакстандык 1991-жылдан бери жетектеп келген президент Нурсултан Назарбаевдин жакын кеңешчиси болгон.

90-жылдардын башында Шодиев Бельгияга көчүп барып бир нече компанияны негиздеген. 1996-жылдын сентябрында Бельгиянын акчаны адалдоого каршы Департаменти Брюсселдин сотуна кыймылсыз мүлк сатып алуу ишин тапшырган, ал жерде Шодиевдин аты аталган. Бельгиялык расмийлердин айтымында, бул операцияда колдонулган акча – акчаны адалдоо операциясы болуусу мүмкүн.

Ошол эле учурда, Шодиев Tractebel делген окуяда маанилүү роль ойногон. Мурунку Бельгиялык Tractebel энергетикалык компания Казакстанда 1997-жылы иштеп баштап өлкө аркылу өтчү узундугу 8000 километрди түзгөн газ түтүгүн куруу боюнча жемиштүү контрактты утуп алган. Шодиев, Машкевич жана Ибрагимов Tractebel менен Казакстан ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болушкан.

Айрым басылмалардын ошол учурдагы маалыматында, бул үчөө мүмкүн болгон офшор компаниялардын түрүн камтыган татаал түзүлүш аркылуу ондогон миллион долларды “комиссия” катары өткөрүшкөн. Алардын ичинен 5 миллиону кайра Бельгияга агып кеткен. Tractebel компаниясынын казак окуясы финансылык апаатта аяктады.

2001-жылы Шодиев, Машкевич жана Ибрагимов расмий түрдө Брюсселдин сот органдары тарабынан акчаны адалдоо аракети боюнча шектелген. Ондогон жыл өткөн соң 2011-жылдын жайында Брюсселдин прокуратурасы ишти жапты. Сот ишинин аякташы - Шодиев 23 миллион евро төлөп берүүсүндө.

Mossack Fonseca фирмасынын документтеринин ачыкталышы, дагы башка эң кеминде он офшор компанияларынын Патох Шодиевге тийешеси бар экенин аныктады. Mossack Fonseca алар менен катнашын аяктаганы, же улантканы белгисиз бойдон калууда.

Патох Шодиевдин реакциясы

"Мен Швейцариянын тургунумун жана бардык салыктарым боюнча милдеттеримди аткарып келем”, - деген Шодиев бельгиялык журналисттердин жыйырмадан ашуун офшор компаниялар тууралуу суроосуна жооп берип жатып.

"Башка бельгиялык катардагы жарандай эле мен өзүмдүм жеке финасылык маалыматымды ачыктабайм. Бирок, ага карабастан мен айтат элем: мен башкалардай эле жеке жана бизнес активдеримди бир катар мамлекеттерде айрым инвестициялар үчүн колдоном. Сиздин журнал мойнуна алгандай, демек мен өзүмдүн Швейцария, Бельгия же башка бир мамлекеттеги салыктык милдеттеримди аткарбай койгон жокмун”.

St Peters Trust бул тууралуу комментарий берген жок. (АВ)