Amnesty: дүйнөдө өлүм жазасына тартуу кескин көбөйдү

Amnesty International уюмунун өлүм жазасына каршы чыккан акцияларынын бири
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Amnesty International уюмунун өлүм жазасына каршы чыккан акцияларынын бири
Published

Дүйнөдө өлүм жазасына тартылгандардын саны кескин көбөйүп, 1989-жылдан берки эң бийик көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Amnesty International укук коргоочу уюму кабарлоодо.

Аталган уюмдун тараткан маалыматына ылайык, 2015-жылы дүйнө жүзү боюнча өлүмгө тартылгандардын саны 1634тү түзөт. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 50% көп.

Өлүм жазасына өкүм кылынгандардын 89 пайызын ирандыктар, пакистандык жана саударабиялыктар түзөт.

Ал эми Кытай бийлиги тарабынан өлүм жазасына тартылгандардын так саны ачыкка чыкпагандыктан, ал статистикада көрсөтүлгөн эмес.

Анткен менен Amnesty International Кытайда миңдеген кишилер өлүм жазасына тартылганын айтып келет. Укук коргоочулар Кытай өлүмгө тартуу саны боюнча алдыңкы катарда турарын кошумчалоодо.

Ошондой эле укук коргоочулардын белгилешинче, 2015-жыл дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө өлүм жазасына тыюу салынганы менен тарыхта калды.