Брюсселдеги жардыруулар: жаңы видео ачыкка чыкты

Сүрөттүн булагы, Belgian Police
Бельгия прокуратурасы Брюсселдеги жардырууларды уюштурууга шектүүлөрдүн бири түшүрүлгөн видеоматериалдарды тапты.
Бельгиянын бийлиги кол салгандар төртөө болчу деп божомолдошууда: үч жанкечти жардырууда өлгөн, бирөө качып жүрөт.
Көзөмөлдөөчү камералардан ачык өңдөгү күрмө, ачык көгүш түстө көйнөк жана шляпа кийгени көрүнүп турат.
Мурдараак прокуратура “шляпачан адам” аба майдандын залында эки жанкечти менен жүгү бар абараны түртүп катар баратканы тартылган видеону чыгарган.
Прокурорлордун айтымынында, шектүү Завентем аба майданынын залынан таң менен 7:58де жардыруудан кийин чыккан.
Кийин ал Sheraton деген отелдин жана Avis киреге берүү компаниясынын машиналарды коюу жайынын жанынан өткөн.

Сүрөттүн булагы, Belgian Police
Аба майдандын аймагынан чыккан соң “шляпачан адам” кайсы бир учурда ачык түстөгү күрмөсүн жоготот.
Он чакырым жөө
Саат 8:50дө ал Гроте Даальстраат жана де Лувен шоссесинин кесилишинде шаардын борборун көздөй баратканда байкалат. Ал учурда көйнөгүнүн жеңдери түрүлгөн.
Шектүү жолун де Лувен чоң жолу менен улантып, кийин де Брабаконн проспектине бурулуп рю дю Нойе кесилишинде саат 9:50дө камераларга көрүнбөй жок болуп кеткен.
Аба майдан чыккандан тарта “шляпачан адам” эки саат он чакырымды жөө баскан.
22-мартта Брюсселдеги аба майдандагы жана “Маальбек” метро бекетиндеги жардырууларда 32 киши өлүп, 300дөй киши жаракат алган.
Жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик топ алган.
Федералдык прокурор Эрик ван дер Сипт шектүүнү кокус видеого тартып алгандарга кандай гана маалымат болбосун чалып коюуларын өтүнүп кайрылган.




























