А. Биялинов: порталда эртең эле ачык-айкын болот дегенден алыспыз
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
- Published
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча былтыр мамлекеттик сатып алууларга жалпысынан 134 млрдан көбүрөөк сом бөлүнсө, аталган порталга бул каражаттын жарымынан азы же тактап айтканда, жалпы эсеби 67 млрд. сомдон ашыгыраак суммага бааланган 19 миңден ашык жарыя берилген.

Сүрөттүн булагы, AFP
“Мамлекеттик сатып алуулар интернетте ачык жүрүп калгандан кийин бул тармактагы коррупциялык кылмыштарды 30 пайызга дейре кыскартууга мүмкүн болду, бирок дагы деле чечилек элек көйгөйлөр көп. Атайын департамент бар, ошолор бардык мекемелерден сатып алуулар боюнча мыйзамдын аткарылышын талап кылышы керек. Алыскы айыл-аймактагылар эмес, жадакалса борбордогулар толук кирип иштебей жатышат. Буга ким жооп берет? Балким объективдүү, субъективдүү себептер бардыр, аны да талдап, изилдеш керек. Биз мониторинг жасап, көп кемчиликтерди чыгардык, ушундан улам Эсеп палатасы жана бешинчи башкармалык дагы сайт аркылуу изилдеп, жоопко тартканга аракет кылабыз деп жатышат”, - дейт мониторинг жүргүзгөн топтун жетекчиси Данияр Муканбетов.
Маалыматтар боюнча, өлкө калкынын 4/3 бөлүгү интернет колдонот дегени менен алыскы аймактарда бул порталга жарыя берүүдө техникалык себептер эле эмес, атайын адистердин жоктугу да кедергисин тийгизип жаткандыгы талкууланууда.
Бирок интернет боюнча айтылган ойлорго макул эместер да бар. “Бүгүнкү күндө өлкөдө интернет жетпеген бир дагы аймак калган жок. Биз Ат-Башы, Ак-Талаа райондору, Баткенге өзүбүз барып, ошонун баарын көрүп келгенбиз. Интернет жагынан бүгүн Кыргызстан алдыда деп айтсак болот”,- дейт Өкмөттүн коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев.
Ал коомчулук кийлигишип, тыйып калууга жетишкен соңку учурларды жүйөө келтирүүдө: “Коомдук реакциядан улам ачыкка чыгып, финансы министрлигинде жаза, сөгүш алышты. Биз канча мамлекеттик кызматкер жооп берди, кандай чара колдонду деп тескеп турабыз”.
Бир нече мыйзам бузуулар аныкталып, мындай күмөндүү иштерге жогорку кызмат адамдарынын тиешеси бар экени айтылып келет. Премьер-министр Темир Сариев, Транспорт министри Аргынбек Малабаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сыяктуу жогорку кызмат адамдары мыйзамсыз тендерлерге тийиштиги бар адамдар катары сынга алынган эле.
Мисалы, Балыкчы – Корумду авто жолун курууга мамлекеттик казынадан жети млрдга жакын сом бөлүнгөн. Бул боюнча өткөн тендер бурмаланып, ал Жогорку Кеңешке чейин талкууга түшкөнү азыркы учурда коомчулук кулак түргөн окуялардын бири болууда.
Мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, мамлекеттик бир катар мекемелер жарыя берип жатканы менен көбүнчөсү портал кызматын пайдаланбай, жең ичинен иш бүтүрүүгө кыныккан адатын таштабай жатканы айтылууда.

Жакында эле Кочкор районундук билим берүү бөлүмү керек-жарактарды сатып алуу үчүн мыйзамсыз тендер өткөрүп, иш сотко жетти.
Коргоо Кеңешинин инспектору Алымбек Биялинов тендерлерди ачык айкын өткөрүү порталды иштетүү менен эле бүтпөй турган маселе экендигине көңүл бурууда. “Өкмөт мыйзамды ишке ашыруу жагынан иштерди начар жүргүзгөнүн көрсөтүп жатат, мыйзам чыккандан кийин бүт мамлекеттик мекемелер ошол мыйзамды аткарыш керек. Бизде 60% мекемелер электрондук сатып алуу дегенди билбейт экен. Экинчиден, мүмкүн бул жерде атайын жазалып жаткан ушундай бир өзүнчө иштер болушу мүмкүн. Илгеркидей адаттарды калтырып, ошо менен эптеп бюджеттин каражаттарына кол салгысы келгендер болушу мүмкүн. Бир эле компания кайра-кайра тендерди ута берген учурлар бар, бул туура эмес. Электрондук порталда эртең эле иштин баары ачык-айкын өтөт дегенден алыспыз, ал үчүн көп иштеш керек”, -деген пикирин билдирди.
Каражаттын оң-солду чачылбашы үчүн мамлекеттик мекемелерден мыйзамга ылайык иштерди дагы да талап кылуу зарыл деп жатышат эксперттер. Анткен менен мурун дээрлик жабык болуп келген бул тармактын акырындап ачыкка чыгарыла башташы, жакынкы жылдары казынанын акчасын кымырып алууга бөгөт болот деп ишендиришет байкоочулар.




























