АКШда Деңиз аcкер күчтөрүнүн офицери тыңчылык үчүн кармалды

Published

АКШнын Деңиз аскер күчтөрүнүн (ДАК) офицери Кытайга аскердик сырды берген деген айып менен камалды.

Аны сегиз ай мурун камакка алышкан, бирок алдын ала угууларды өткөргөндөн кийин гана бул иш тууралуу белгилүү болду.

Угууларда бул ишти аскер соту кароосу керек экендиги чечилди.

ДАК аскер кызматкеринин атын жашыруун калтырууда, бирок USNI News жана Washington Post тыңчылыкка лейтенант-коммандер Эдвард Лин күнөөлөнүүдө деп жазууда.

Тыңчылыктан сырткары ага жасалма документерди даярдоо жана айрым штаттарда кылмыш деп саналган сойкулардын кызматына кайрылуу, аялынын көзүнө чөп салуу сыяктуу айыптар да тагылууда.

2008-жылдын сентябрында ДАК сайтында Эдвард Лин он төрт жашында англисче бир ооз сөз билбей Тайвандан АКШга кантип келгендигинин тарыхын баяндаган макала жарыяланган.Жыйынтыгында Лин АКШнын жарандыгын алып, ДАК кызматына кирген.

Атын атагысы келбеген чиновник чыккынчылык үчүн камалган Лин жана 2008-жылы ДАК сайтында жарыяланган аскер адамы бир киши экендигин Washington Post басылмасына ырастады. (AbK)