Түндүк Кореянын ракета учуруусу ийгиликсиз болду

Сүрөттүн булагы, KCNA
Түндүк Корея түштүк жээктен баллистикалык ракетаны ийгиликсиз учургандыгын Түштүк Корея бийликтери билдирди.
Түштүк Кореянын коргоо министирлиги бул боюнча кенен токтолгон жок. Бирок, Йонхап агенттиги билдиргенине караганда «Мусудан» классындагы ракета болгон. Ал 3000 чакырымдан ашык аралыкка учуп, Япониядагы жана Гуамадагы Американын аскер базаларына жетүүгө жарамак.
АКШ Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык башкаруусу да ийгиликсиз учурулган ракетаны байкоого алганын билдирген.
15-апрелде КЭДРнын негиздөөчүсү Ким Ир Сен 104 жашка толот. Дүйнөдө чагымчылдык жана кылмыш катары бааланган баллистикалык жана өзөктүк куралды сыноону Пхеньян бул сыяктуу даталарда такай болбосо да негизинен өткөрүп келээрин Ассошиэйтед пресс белгилеген.
Өлкөнүн учурдагы аракеттерине карата киргизилген санкциялык режимге карабай, Пхеньян көрсөтмөлүү машыгууларын жана аскердик сыноолорун токтотпой келет.
Өткөн аптада КЭДР бийлиги континент аралык баллистикалык ракетанын жаңы тиби болгон кыймылдаткычын жер алдында ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн билдирген эле.

























