Иерусалим: автобустагы бомбадан 21 киши жаракат алды

Published

Иерусалимдин түштүк-батышындагы Дерех Хеврон көчөсүндө каттамдагы автобус жарылды. Медиктер кеминде 21 киши жаракат алган, алардын экөөсүнүн абалы оор дешет.

Шаар мериясы автобуста жардыруучу зат иштеп кеткенин билдирди.

“Ал анчалык чоң эмес эле, бирок так эле бомба болчу”, - деди мэриянын расмий өкүлү Нир Баркат. Эксперттердин пикиринде, жарылуучу зат автобустун артында иштеген.

Маалымат каражаттары жарылуу учурунда автобуста жүргүнчүлөр жок экенин жазышты. Негизинен коңшу автобустагылар жана жанаша бараткан машинадагылар жаракат алды. Бул унаалардын баары күйдү.

Полиция окуяны террористтик кол салуу катары баалап жатат.

Акыркы мезгилдерде израилдиктерге курал менен палистиналыктардын кол салуусу токтобой жатат. Жарылуулар салыштырмалуу аз болот.