Түркия Sputnik агенттигинин баш редакторун киргизбей койду

Published

Түркия бийлиги Орусиянын Sputnik маалымат агенттигинин түрк филиалынын башкы редактору Турал Керимовду өлкөсүнө кирүүгө тыюу салды.

Sputnik-Түркия басылмасынын сайтында окуя Стамбулдагы эл аралык Ататүрк аба майданында болгону маалымдалат.

“Кароо пунктунда чек арачылардын бири эч нерсе түшүндүрбөй паспортумду алып кетти, андан соң учуп келүүчүлөр жайында бир сааттай күтүүгө аргасыз болдум. Кийин өлкөгө кирүүмө тыюу салынганы тууралуу документти беришти. Басма-сөз картам жана жашоого уруксат документтер кайтарып алыныптыр”, - деди Керимов.

Түркия бийликтери орус журналистин киргизбөө окуясы боюнча үн ката элек.

2016-жылдын 14-апрелинде Түркиянын телекоммуникация жана байланыш боюнча башкармасы материалдарында терроризмди пропагандалаган жана кыйноо менен кылмыштуулукту жактаган тексттер бар деп өлкөдөгү бир нече сайтты жапкан. Анын ичинде Sputnik дагы бар болчу. Эки күндөн кийин сот аны бекитти.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сайтты токтотууну укуктук негизи жок акция жана адам эркиндиги менен укугун одоно бузуу деп атады.