2 млрд киши Зика вирусун жугузуу коркунучунда

Published

Дүйнөдө Зика вирусунун тароо коркунучу бар аймактарда 2 миллиарддан ашык киши жашайт. Бул тууралуу eLife журналына чыккан изилдөөдө айтылат.

Алгач бул коркунучтуу вирус Aedes aegypti чиркейи чаккан учурда жугат деп айтылган.

Аталган оорунун таркап кетүү коркунучунан улам ушул жылдын башында бир катар өлкөгө чукул кырдаал жаряланган.

Акыркы иликтөө көрсөткөндөй, Зика бир гана чиркей аркылуу эмес, дагы башка жугуу жолдору бар болуп чыкты.

eLife журналына жарыяланган картага караганда вирустун таркашы мүмкүн болгон аймактарга түндүк Австралиядан башталып, түштүк Азияга чийин, Африканын борбордук жана түштүк-батыш аймагы жана ошондой Түштүк жана Түндүк Американын көптөгөн жери киргизилген.

Иликтөөгө катышкандардын бири, окумушту Оливер Брейди Би-Би-Сиге билдиргендей, бул Зиканын тароо мүмкүнчүлүгү болгон аймактар тууралуу алгачкы гана карта.

Иликтөө аныктагандай, учурда Зика эпидемиясынын коркучунда турган аймактарда 2.2 миллиард киши бар.