Еревандагы автобустун жарылуусуна бомба себеп болгон

Сүрөттүн булагы, Getty
Эки адамдын өмүрүн алган Еревандагы автобустун жарылуусуна бомба себеп болгондугун өлкөнүн полиция башчысы Владимир Гаспарян билдирди.
Ал бомба автобустун оң тарабындагы экинчи олтургучтун жаныныда жарылганын жана чачыроочу бөлүктөрдөн турбагандыгын билдирди. Жарылуучу зат жана башка жагдайлар тууралуу токтолгон жок.
Өз кезегинде Армениянын полиция башчысынын кеңешчиси Нарек Малян жарылуудан кийин өрттөнүү болбогонун кошумчалады.
“Автобус жүрүп бара жатканда жарылды, күйгөн жок. Жогору карай жарылуу болгон, жарылуучу заттын чачыроочу бөлүктөрү болгон эмес”,- деп Мавлян Facebook баракчасына жазды.
Учурда полиция байкоочу камераларга жазылып калган видеолорду изилдеп жатат. Азырынча бомба автобуска жармаштырылганы же жүргүнчүлөрдүн биринде болгондугу аныктала элек. Ошол эле учурда Армениянын прокуратурасы азырынча коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирди. Бул иш өзгөчө маанилүү иштерди тергөө бөлүмүнө берилген.

Сүрөттүн булагы, Getty
Бул жардыруу боюнча азырынча эч ким өзүнө жоопкерчиликти ала элек. Окуя орун алган жерде криминалисттер жана атайын экспертиза ишин жыйынтыктагандан кийин гана толукталган маалымат айтууга болоорун полиция билдирди.
Шаар каттамында жүрүүчү “Богдан” маркасындагы автобус дүйшөмбү күнү кечинде Еравандын борборунда жарылган. Официалдуу маалыматтарда эки киши каза болуп, кеминде жети киши жаракат алгандыгы айтылууда. Эки өспүрүм оор абалда.
Интерфакстын маалыматы боюнча каза тапкан жана жабырлангандардын баары - Армениянын жарандары.
Күбөлөрдүн айтымында жарылуу абдан катуу болуп, анын үнү коңшу райондорго да угулган.
Окуя болгон жерге Армениянын кризисти башкаруу боюнча Улуттук борборунун кызматкерлери да келишкен. (AbK)





























