АКШ жараны Түндүк Кореяда тыңчы деп жарыяланып, 10 жылга кара жумушка кесилген

Сүрөттүн булагы, Reuters
Теги Түштүк Кореялык АКШ жараны тыңчылыкка аралашкан деген айып менен 10 жылга оор жумуш аткаруу жазасына тартылганын кытай маалымат каражаттары билдирди.
Синьхуа маалымат агенттигинин ырасташынча соттолуучунун аты жөнү Ким Донг Чул, ал өткөн жылдын октябрь айында эркинен ажыратылган.
2016-жылдын март айында Түндүк Корея бийликтери маалымат жыйынын уюштурган. Алардын айтымында соттолгон адам тыңчылык иши үчүн Түштүк Корея бийликтеринен акча алгандыгын журналисстерге айткан.

Сүрөттүн булагы, AFP
Ошондой эле Түндүк Корея бийликтери март айында мейманканадан үгүттөөчү плакатты алып кетүүгө аракет кылган деген айып менен америкалык студент Отто Уормбираны 15 жылга абакка кескен.
21 жаштагы Отто Уормбира мамлекетке каршы кылмышка шектелип, ошол эле учурда жашыруун студенттик уюм менен жана ЦРУ менен кызматташкан деп күнөөлөнгөн.
Түндүк Кореянын жалпыга маалымдоо каржаттары плакатты уурдап алууну “Өлкө элинин бүтүндүгүнө доо келтирүү” деп чагылдырышкан.
Сотто америкалык аны өз өлкөсүндө “чет өлкөгө каршы кылмышка айыпташканын” айткан.
Human Rights Watch сыяктуу укук коргоочу эл аралык уюмдар, Түңдүк Корея бийликтери жана башка көп учурларда анын ичинде Уормбирди коркутуу же ур тепкиге алуу болгонунан күмөн санашпайт. (AbK)





























