Көчмөндөр оюну көп суроодон арылабы?

Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына «Дүйнөдөгү бакубаттуулук үчүн диний жана маданий баарлашууну, кызматташууну колдоого алуу резолюциясына оюндар тууралуу текст киргизүүнү сунуштайт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына «Дүйнөдөгү бакубаттуулук үчүн диний жана маданий баарлашууну, кызматташууну колдоого алуу резолюциясына оюндар тууралуу текст киргизүүнү сунуштайт
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
  • Published

3-майда Бишкекте БУУ Аткаруу кеңешинин делегациясы менен жолугуу учурунда “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун жайылтуу максатында кыргыз тарап БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына «Дүйнөдөгү бакубаттуулук үчүн диний жана маданий баарлашууну, кызматташууну колдоого алуу резолюциясына оюндар тууралуу текст киргизүүнү сунуштайт.Биз Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну дүйнө элдери ортосунда маданий жана улут аралык баарлашуу үчүн жагымдуу аянтчаны түзөөрүнө ишенебиз”, - деди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков. Ал ошондой эле меймандарды сентябрь айында өтүүчү оюндун ачылыш аземине катышып кетүүгө чакырды.”,- деп билдирди Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн Толгонай Стамалиева.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда өтөөрү айтылып, учурда кызуу камылга көрүлүп жатат дешет атайын түзүлгөн катчылыктын өкүлдөрү.

Бул оюн алгачкы ирээт өткөрүлгөндө жыйырмага жакын мамлекттен спортчулар жана өкүлдөр чакырылган болсо бул ирээт жетимишке жакын мамлекттке чакыруу берилип, алардын кыркка жакыны келет деген үмүттөбүз дейт уюштуруучулар. Ошол эле учурда жол токтоду эми оюн да токтойбу деп социалдык тармактарда коңгуроо кагып жаткандарды да байкоого болот.

Н. Султанбаев: “2014-жылы көрүүчүлөрдүн саны эки эсе көп болуп батпай кеткендиктен ипподромду реконструкциялап жатабыз”.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Н. Султанбаев: “2014-жылы көрүүчүлөрдүн саны эки эсе көп болуп батпай кеткендиктен ипподромду реконструкциялап жатабыз”.

“Бул оюндар биринчи ирээт өткөрүлгөндө деле ушул эле жолдор менен келип кетишкен, каттаган. Анчалык деле аябай начар жол деп айтуудан баарыбыз алыс болушубуз керек. Эми ал маселе чечилет го деп ойлойм. Көчмөндөр оюунуна бул тоскоол болбойт. Даярдыкты биз эрте баштагандыктан бүгүнкү күнү чечилбей токтоп калды деген маселе жок. Бардыгы иш планга ылайык жүрүп жатат. Бул жерде бир маселе бар. Көчмөндөр оюндарын биринчи жолу өткөргөндө ипподромду 7 миң кишиге ылайыктап салдырганбыз. Ал жеңил конструкция менен курулган. Бул оюнга кызыккандар, анын ичинде жергиликтүү элдин да кызыгуусу өзгөчө болгондуктан келген көрүүчүлөрдүн саны эки эсеге көп болуп батпай кеткен. Ошол жагдайларды эске алып, Ысык-Көл жергесинде универсалдуу обьектиге айландыралы деген максат менен учурда реконструкция иштери жүргүзүлүп жатат”,-дейт “Көчмөндөр оюндарын өткөрүү” катчылыгынын директору Нурдин Султанбаев.

Туризмди өнүктүрүү, киреше тартуу жагынан эң жакшы мүмкүнчүлүк болуп турат дегени менен бул пикирге макул эместер да бар.

“2014-жылы бул оюндар биринчи ирээт өткөрүлгөндөн кийин аябай көп чыгаан ишкерлер, мамлекттик кызматкерлер соттолуп кетишкен.Себеби мен билген эки, үч учурлар бар. Анда аябай шашылыш уюштурушуп, оюндардын ачылышына элүү эки күн калганда ипподромду салган аткаруучудан (заказчик) тезирээк бүтүрүп берүүсүн суранышкан экен. Ал жетишип убагында тапшырып калалы деп макул болуп, айрым керектөөлөрдү түз сатып алгандыктан кээ бир мыйзамдарга туура келбей калып, муну айынан кылмыш иштери да козголгон. Чынын айтканда жалаң эле оюн-зоок менен алагды боло бербестен ушул оюндарды каалоочу башка мамлекеттерге өткөрүп берип эле, бир нерсе өндүрүү, иш орундарын түзүү сыяктуу иштер менен алек болсок жакшы болор эле”,-дейт жарандык активист Рита Карасартова.

Ал оюдардын салтанаттуу ачылышына дейре бүтүрүү максаты коюлган Балыкчы-Корумду жолунун курулушунун толук токтоп калганын көрүп келгенин да кошумчалады.

Оюндар алгач ирээт өткөндө бир катар кемчиликтерге жол берилгени коомчулуктун эле эмес чет элдиктердин да сынына кабылганын айта кетели. Катчылык бул кемчиликтерди жоюу үчүн бардык аракетин жумшап жатканын айтууда. Иш чаранын эң негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтөөрү белгиленген.