Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу отставкага кетти

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу отставкага кетерин жарыялады. Ал Түркиядагы башкаруучу «Акыйкат жана өнүгүү» партиясынын лидерлигинен кетип, 22-майда өтө турган партиянын курултайында өз талапкерлигин көрсөтпөйм деп айтты.
Давутоглу партиянын биримдиги жана өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн лидердин алмашуусу пайдалуу болоорун белгилеп, өлкөнү оор мезгилде башкарган өкмөттүн ишин ийгиликтүү деп баалды.
Мындан алдын Түркиядагы башкаруучу «Акыйкат жана өнүгүү» партиясы жакынкы күндөрдө чукул жыйынга чогулуп, Ахмет Давутоглунун премьер-министрлик кызматынын тагдырын чечет деп айтылып жаткан.
Түркиялык маалымат каржаттары конгрессте партиянын жаңы лидери шайланып, Давутоглу болсо иштен четтетилет деп жазган эле.

Сүрөттүн булагы, AP
Башкаруучу партиянын лидерлигине талапкер катары жергиликтүү медиа Эрдоганга жакын адам катары транспорт министри Бинал Йылдырымдын жана президенттин күйөө баласы, энергетика министри Берат Албайрактын ысымын атоодо.
Азыркы премьер-министрдин саясаттагы ролу өткөн аптада дагы бир аз бошоңдой түшкөн. Анткени Ахмет Давутоглу партиянын аймактык лидерлерин шайлоо укугунан ажырады.
Ички саясый кырдаал Түркия үчүн оңойго турбай жатат. Ѳлкөнүн түштүк-чыгышында «Күртстан жумушчулар партиясы» менен каршылашуу күчөдү. «ИМ» экстремисстик тобу тарабынан жасалган террактар орун алууда. Учурда өлкөгө миңдеген качкындар агылууда. Ошону менен бирге Түркия Евробиримдикке кирүү үчүн келишмидин күчүнө киришин күтүп жатат. Мунун менен ал Европага умтулуган качкындарды чек арасында кармап турууга милдеттендирилет. Буга Европа өлкөлөрүнө визасыз кирип чыгуу, каржылык жардамдар үчүн макулдук берип жатат.
Бул сүйлөшүүлөрдөгү негизги ролду көптөр премьер-министр Ахмет Давутоглуна берүүдө. Ал Брюссель менен сүйлөшүүлөрдүн баарын жүргүздү. Давутоглунун премьерлик кызматтан кетиши менен бул сүйлөшүүлөр абада илинип калышы мүмкүн дешет саясат талдоочулар.
(AbA)





























