Депутат: Форт Мак-Мюррейде өрт үйлөрдүн 20% кыйратты

Сүрөттүн булагы, AFP
Канаданын Альберта провинциясындагы Форт Мак-Мюррей шаарында 20% үйлөр өрттөн кыйрады деп билдирди Би-би-си ге жергиликтүү парламент мүчөсү Дэвид Юрдига. Ал жерде токой өртү дагы эле токтобой уланууда.
Анын айтымында, шаар калыбына келүү үчүн жылдар керек болот.
Форт Мак-Мюррей мунай кумдарында жайгашкан, аларды карагай токойлору басып турат. Дал ушул аймак Канаданын эң ири мунай кени жайгашкан жер.
Өлкөнүн бул аймагындагы өрт бир жумадан бери өчпөй келет. Аймактын 100 миңден ашуун тургундары өрттөн качып үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.
Өрт өчүрүү кызматынын билдиришинче, учурда 1,6 миң чарчы километр күйүп жатат – ишенби күндөгүгө караганда азыраак.
Адистердин айтымында, өрт менен күрөштүн эң оор этабы артта калды. Альберта аймагынын өкмөтүнүн өкүлү билдиргендей, кундүн ысыктыгынын басаңдашы кызматтарга өрткө каршы күрөшүүгө ыңгайлуу шарт түзүүдө. Өрт мурункудай тез жайылбай калды.
Дэвид Юрдигинин айтымында, өрт шаардын басымдуу бөлүгүнө жетпегени менен шаарга кайтып келүү дагы эле коркунучтуу.
"Биздин болжол боюнча турак жайдын 20% кыйраган. Көпчүлүгү аман турат, кыйроолор жок”, - деген Юрдига.
"Билесиздерби? Абал мен күткөндөн алда канча жакшы”, - деп кошумчалаган депутат.
Өрт эл отурукташкан райондордон артка кетип, бирок дагы эле коңшу Саскачеван провинциясына коркунуч туудурууда.
Саскачеван жана Түндүк-Батыш аймактын тургундарына үйлөрүнүн эшик терезелерин түтүндөн сактанып жаап тургула деген эскертүү берилди.
Форт Мак-Мюррейден элди эвакуациялоонун акырты этабы жекшемби күнү аяктаган.
Өрттүн кесепетинен курман болгондон тууралуу маалымат жок, бирок жапырт элди көчүрүү учурунда эки адам жол кырсыгынан курман болгону белгилүү. (АВ)




























