Филиппинде шайлоолор башталды

Сүрөттүн булагы,
Филиппин Республикасында президент, вице-президент жана башка лидерлерге добуш берип жатышат. Сурамжылоого ылайык, мурдагы мэр, президенттикке талапкер Родриго Дутерте алдыда.
Президенттикке беш талапкер ат салышууда, бирок Дутерте үгүт иштери учурунда талкуу жаратканына жана катуу саясий позициясына карабай алдыда баратат.
Дутерте 22 жыл Давао шаарынын мэри болуп турган. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде ал бир нече миң кылмышкерлерди өлүмгө тартуу өңдүү катуу билдирүулөрдү жасады.
Атаандаштары ал президенттикке келсе, отуз жыл калыптанып келген демократиялык институттарды кыйратып, өлкөгө диктатураны алып келет дешүүдө.
Үгүт иштери коомдогу көйгөйлөр – экономика, теңсиздик жана коррупция тууралуу жүрдү.

Сүрөттүн булагы,
Жалпысынан президенттен, вице-президенттен сырткары сенаторлор жана 18 миң жергиликтүү чиновник шайланат.
Шайлоо алдында кыйноо, кагылышуу болуп кетпеш үчүн 100 миңден ашык полиция кызматкери нөөмөткө чакырылган. Бирок ага карабай, дүйшөмбүдө атышуудан жети адам, жекшембиде мэр кызматына талапкер да өлтүрүлдү. Андан мурда үгүт иштери маалында он беш адам өлтүрүлгөн.
Филиппин жети миң аралдан турган архипелаг болуп эсептелет. Анда 54 миллион шайлоочу бар.
Учурда Филиппинди 2010-жылы тандалган Бенигно Акино башкарат.




























