Британ өкмөтү Би-Би-Сини реформалоо тууралуу жарыялайт

Сүрөттүн булагы, PA
Британия өкмөтү бейшембиде Би-Би-Сини реформалоо тууралуу планын жарыялайт. Анын негизинде корпорациянын статусун аныктаган жаңы королдук хартия түзүлөт.
Азыркы королдук хартиянын мөөнөтү ушул жылдын декабрында аяктайт. Улуу Британиянын өкмөтү Би-Би-Сини глобалдуу реформа кылыш керек экенин билдирди.
Бирок реформанын алдын ала, “жашыл китеп” аталган планы Би-Би-Си тарабынан да, өлкөнүн башка коомдук ишмерлери тарабынан да катуу сынга кабылды.
Өкмөт азыр сунуштап жаткан “ак китеп”, башкача айтканда, реформанын акыркы варианты тараптардын орток пикирин камтыйт деп күтүлүүдө.
Бирок ал дагы олуттуу өзгөрүүлөрдү камтып жатат. Алардын бири - корпорациянын BBC Trust көзөмөл органын кыскартып, милдеттерин телекоммуникация жана аудиовизуалдык ЖМК тармагын көзөмөлдөгөн Ofcom мекемесине өткөрүү.

Жакынкы он бир жылда Би-Би-Синин азыркы финансылык системасы сакталыш керек. Ал азыр жылына 145,50 фунт же 226 долларды түзгөн лицензиялык салыктын үй чарбачылыгынын негизинде ишке ашат.
Би-Би-Си жылына 450 миң фунттан ашык айлык алган өзүнүн “жылдыздарын” ачык жарыялоого милдеттүү болмокчу.
Бир бөлүгү өкмөт тарабынан бекитилген Би-Би-Синин жаңы башкаруу органы пайда болот. Бирок башкаруу органдын жок дегенде жарымын корпорация өзү тандайт.
Шайлоолор алдында өзгөртүүгө дуушар болбош үчүн жаңы хартия он бир жылга жарактуу деп бекитилет.




























