Бразилияда Русефтин жактоочулары каршылык акциясына чыгышты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бразилияда президент Дилма Русефтин жактоочулары бүт өлкө боюнча жолдорду бөгөп, Сенатта президентке импичмент жарыялоо маселесинин каралышына каршылык билдиришти.
Көп шаарларда, анын ичинде баш калаа Бразилиада ар кандай чаржайыт баррикадалар транспорттук байланыштын бузулушуна алып келди. Эгер сенаторлордун көпчүлүгү Русефтин үстүнөн сот процессин баштоо үчүн добуш берсе, анда ал президент кызматын аткаруудан алты айга чейин четтетилет.
Өкмөт Жогорку Сотко импичмент процедурасын баштоону токтото туруу өтүнүчү менен кайрылган. Сот жооп бере элек, бирок буга чейин ушундай эле өтүнүчтөрдү Жогорку Сот четке кагып келген эле.
Өткөн үч күнү Бразилияда Дилма Русефке импичмент жарыялоо маселесинен улам саясий кризис курчуп кетти.
9-майда парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Валдир Мараньо апрелде импичмент маселеси боюнча болгон добуш берүү жокко чыгарылганын жарыялады.
Бирок андан кийинки күнү Мараньо өзүнүн чечимин кайра чакыртып алган – бул демек «импичмент процедурасын» баштоого жол ачык дегенди билдирет.
Сенаттын спикери Ренан Калейрус жогорку палата бул маселени шаршембиде карай турганын айткан. Сенаттын импичмент боюнча комитетинин башчысы дагы добуш берүү мурда пландалган тартипте болот деп билдирген.
Май айынын башында Бразилиянын сенатынын тийиштүү комитети Русефке сот процессин баштоо керек деп чечим чыгарган.
Дилма Русеф салык мыйзамдарын бузган жана 2014-жылы шайлоо өнөктүгү учурунда мамлекеттик бюджет менен манипуляция жасаган деп айыпталууда.
Ошону менен катар 2014-жылы Бразилияда мамлекеттик Petrobras компаниясындагы коррупциялык схемаларды иликтөө башталган. Русеф өзүн ак деп билдирип, ал эми каршылаштарын саясий алдамчылык кылууда деп айыптоодо. (КС)





























