Эл аралык Канн кинофестивалы ачылып жатат

Published

Каннда 69-эл аралык кинофестиваль 11-майдан 22-майга чейин өтөт. Ага кыргызстандан да үч тасма катышып жатат.

Фестивалдын негизги конкурсу бул жылы күчтүү, анда атактуу киночулар көп катышууда. Өздөрүнүн жаңы тасмаларын Педро Альмодовар, Жим Жармуш, Кен Лоуч, Пеоль Верхувен, Жан-Пьер жана Люк Дарденн, жада калса Шон Пенн алып келишти.

Эл аралык калыстар тобунун башында бул жылы австралиялык режиссер, “Crazy Max. Road rage” блокбастеринин автору Жорж Миллер турат.

Канн фестивалы шаршембиде Вуди Аллендин Жесси Айзенберг жана Кирстен Стюарт катышкан “Жакшынакай адамдар” аттуу жаңы фильминин премьерасы менен башталат.

Ошондой эле Клод Лелуштун бул жылы 50 жашка толуп жаткан “Эркек жана аял” фильмине өзгөчө көңүл бурулууда. Ал жарым кылым мурда биринчи жолу Канн фестивалында биринчи ирет көрсөтүлүп, “Алтын пальма бутагы” башкы сыйлыгын алган.

Кыргызстандан фестивалда Эльнура Осмоналиеванын “Сейде”, Нуржамал Дамирдин “Фрунзе” жана Кымбат Адылбекованын “Таксист” деген тамалары көрсөтүлөт.