Москва:мүрзөдөгү мушташ боюнча 100дөн ашык киши кармалды

Сүрөттүн булагы, RIA Novosti
Орусиянын тергөө комитети ишембиде Москвадагы Хованское мүрзөсүндөгү тажикстандык мигранттар катышкан мушташ боюнча үч берене менен кылмыш ишин козгоду.
Комитеттин өкүлү Александр Никитиндин айтымында, окуя болгон жерде 40 тергөөчүдөн жана 12 эксперт-криминалисттерден турган топ иш алып барууда.

Сүрөттүн булагы, RIA NOVOSTI
Маалыматтарга караганда ишембидеги калайман мушташта үч тажик жараны каза таап, ондогону жаракат алды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мушташка эки жүздөй киши катышкан. Алардын көпчүлүгү көрүстөндө иштеген тажикстандык мигранттар жана түндүк кавказдыктар. Москва полициясы мушташка аралашкан деп 112 кишини камакка алды.

Сүрөттүн булагы, AFP
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шилтеме жасап айрым басылмалар мушташка кылмыштуу топтордун акча талап кылуусу себеп болгонун жазууда. Кылмыштуу топ мүрзөдө иштеген жумушчуларды тапкан акчасын бөлүшүп турууга мажбурлаган болушу мүмкүн деп айтылып жатат. Башка маалыматтарга караганда, мушташкан тараптар көрүстөндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү талашып кеткен болушу мүмкүн. Ок атуучу курал, арматура колдонулган мушташтан кийин Хованское мүрзөсүнүн жетекчиси кызматтан кетти.

























