БУУ: мигранттарды чыгарып салуудан “майнап чыкпайт”

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку Комиссары Филиппо Гранди билдиргендей, сириялыктардын качкын катары Чыгыш Азия жана Кариб мамлекеттерине чейин жетип келиши бул көйгөй дүйнө масштабындагы чоң маселе экенин далилдейт.
Ал айткандай, качкындарга кам көрүү “жүз миңдеген качкындарды кабыл алып, согуштан жан сактоого мүмкүндүк берген бир нече мамлекет жана донорлордун мойнуна илинди. Алардын 7-8 каржылоонун 80-90% беришет”.

Сүрөттүн булагы, AP
Гранди мырзанын айтымында, башка өлкөлөрдө 20 миллион качкындын 200 миңи гана кабыл алынган муну эске алганда “ушул багытта чечкиндүү кадам жасалышы керек”.
Ал маселени чечүү үчүн “өтө узак жана татаал сүйлөшүүлөр” керек экенин белгилеп, “мамлекеттер чек араларын жаап алып, адамдарды кабыл албай кайра түртүп салуудан майнап чыкпайт” деген.
Дүйнө кыймылдабы?
Eurostat'тын маалыматына караганда, өткөн жылы Европадан 1 255 000 ден ашуун адам баш паанек издеген. Бул сан ага чейин жылдагыдан эки эсе жогору.
Статистикага ылайык, сириялыктар, ирактыктар жана афгандар баш калка издегендердин тизмесинин башында.

Сүрөттүн булагы, AFP
Дүйнө масштабында качкындар менен мигранттарды кошуп караганда жер шарында 240 миллион киши учурда өздөрү төрөлгөр жеринен алыста жашайт. Бул көрсөткүч дүйнө тарыхында болуп көрбөгөндөй жогору.
Муну албетте дүйнө калкынын өсүшү менен түшүндүрсө болот. Бирок чын эле дүйнө кыймылга келдиби?
Жалпысынан алып караганда акыркы беш жыл ичинде дүйнө калкынын 0,5% бир өлкөдөн экинчи өлкөгө келип жер которгон. Таң калычтуусу мисалы, Улуубританияга келгендердин саны көп болсо да, андан чыгып кеткендердин саны да тарыхый жогору деңгээлде.
Айрым мамлекеттерде ички миграция да болуп көрбөгөндөй күч алган. Дүйнө жүзүндө жума сайын шаарларга 3 миллион адам көчүп келет.
Жер которууга түрткөн негизги себеп – жакшы турмушка жетүү. Мигранттарды жана качкындарды жараткан согуш же жакырчылык.
“Убактылуу” – демек түбөлүккөбү?

Сүрөттүн булагы,
Дадааб дүйнөдөгү эң ири качкындар лагери. Ал Кенияга Сомалидеги жарандык согушкан качып келгендер үчүн “тразиттик лагер” катары түзүлгөн. Бирок ал башында ошондой болгон.
Азыр Дадааб убактылуу турак жайлардан түзүлгөн шаарчага окшош. Анда 300 миңден ашуун киши жашайт. Айрымдары ошол жерде туулуп, өздөрү ата болуп өмүр сүрүп келет.
Мухаммад Абди Абдуллахи алардын бири.
“Мен ушул жерде төрөлгөм. Билген жерим эле ушул лагерь. Мен мындан жакшы жашоону каалагам. Менимче, энемдин Сомалиге кайтып бараарыбызга көзү жетпей калды, ал жердеги согуш токточудай эмес. Бул жерге келгенде ал: бир эки ай турабыз деген, бирок жылдар, жылдар, жылдар өттү. Менин аялым да ушул жерде төрөлгөн 1993 жылы. Биз лагерден жолугуп бири бирибизди сүйүп калдык. Азыр кичине кызыбыз бар, дагы бир балалуу болгону турабыз. Биз 27 жылдан бери качкындар лагеринде жашайбыз”, - деди сомалилик качкын.

Сүрөттүн булагы,
Качкындар лагерден атайы уруксаты жок эч жерге чыга алышпайт. Алар көзөмөлдө жана туруктуу турак жай курууга да уруксаттары жок.
“Биз башка жерди билбейбиз. Өзүбүздүн мекенибиз Сомалини да билбейбиз. Биз капастагы куштайбыз. Башка жерге бара албайбыз. Биз өзүбүздү кениялыктардай эле сезип калдык, анткени башка жерди билбейбиз. Ооба, биз сомалиликтербиз, бирок Сомали өзү кайда экенин да билбейбиз. Эгерде азыр Сомали кайсыл тарапта деп сурасаңыз кайда экенин көрсөтө да албайм”, - дейт дүйнөдөгү эң ири качкындар лагеринин тургуну.
Качкындар маселеси Европада өткөн жылы күч алып жүз миңдеген адамдардын тагдырына көңүл буруу керектигин айгинеледи. Учурда бул көйгөйдү кантип чечүү керек жана деги эле анын мыкты жолу барбы деген суроого жооп табыла электей сезилет. (AB)





























