Кытайлык чиновниктин келишине Гонконгдо коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

Сүрөттүн булагы, EPA
Гонконгдо кыйтайлык жогорку даражадагы чиновниктин иш сапарын утурлай соңку жылдардагы эң масштабдуу коопсуздук чараларын күчөтүү аракети көрүлүүдө.
Кытай бийлигинин өкүлү Чжан Дэцзян 2014-жылдагы демонстрациялар өткөн жарым жартылай автоном аймакка иш сапары менен келе жатат.
Кытайдын жогорку даражадагы бийлик өкүлү келерден бир нече апталар мурун Гонконгдогу өкмөт үйү жайгашкан жерге жакын аймакта жумушчулар тротуарларга төшөлгөн кыштарды желимдеп жатканын сүрөткө тартып алышкан.
Депутаттардын айтымында, мындай кадамдар аркылуу жумушчулар өз кызыкчылыктарын коргоп, алар кытай делегациясына жакындашкан.

Сүрөттүн булагы, EPA
Февралдагы демонстрациялар учурунда бул кыштар снаряд сыяктуу эле колонулуп, саясый активисттер бир нече саат бою полиция менен кагылышканына көптөр күбө болушкан эле. Полиция делегация келген учурда кишилер массалык чогулган жерлерде уча турган ар кандай аппараттарга, дрондорго да тыюу салууда, кыштарды желимдөөгө байланыштуу окуя дагы Чжан мырзанын иш сапарына байланыштуу коопсуздук чаралары канчалык деңгээлде олуттуу болуп жатканынан кабар берет.
Бирок демократиялык маанайдагы активисттер коопсуздук чараларына байланыштуу чектөөлөргө каршы болууда. Алар делегацияга жакын баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышканына нааразылык билдирип жатышат.

























