АКШ сенаты “11-сентябрь” боюнча соттошууга мыйзамды кабыл алды

Published

АКШнын сенаты 2001-жылы 11-сентябрдагы окуядан курман болгондордун жакындары Сауд Арабстанды сотко берүүгө жол аччу мыйзам долбоорун кабыл алды.

Ак үйдүн маалымат катчысы билдиргендей, өлкө башчысы Барак Обаманын бул мыйзам долбоору боюнча олуттуу суроолору бар. Андыктан ал аталган мыйзам долбооруна азыркы боюнча кол коюушу күмөн.

“Терроризмдин демөөрчүлөрүнө каршы сот адилеттиги” акты ушул жылдын январь айында сенат комитети тарабынан колдоо тапкан. Мыйзам долбоорунда бир мамлекет атап көрсөтүлбөгөн менен Эр-Рияд бул мыйзам кабыл алынып калса, АКШга салып жаткан миллиарддаган инвестициялардан баш тартабыз деген.

Сауд Арабстандын бийлиги 11-сентябрдагы кол салууга тиешеси жок экенин айтып келет.

Королдуктун 11-сентябрдагы окуяларгы тиешеси тууралуу талаш уурдалган учакты америка шаарына түшүргөн 19 террористтин он беши саударабстандык болуп чыккандан кийин жаралган.

Өлгөндөрдүн туугандары исламисттерди каржылайт деп шектелген Сауд Арабстандын королдук үй-бүлөлөрүн, сауд банктарын жана кайрымдуулук уюмдарын сот жообуна тарттырганга аракет кылышкан. Бирок ал жыйынтыкка жеткен жок. Анткени 1976-жылкы Америка мыйзамы башка өлкөлөргө америкалык доолордон коргоонуу иммунитетин берет.

Шейшембиде сенат кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, эми американын аймагында америкалыктар өлгөн теракт үчүн башка өлкөлөргө андай кол тийбестик бербейт.