Египет бийлиги: А320 учагы багытын өзгөрткөн эмес

Published

EgyptAir компаниясынын А320 учагы Жер ортолук деңизине кулардан мурда багытын өзгөрткөн эмес, деп эсептешет Египеттин жарандык авиация өкүлдөрү.

Грециянын коргоо министри Панос Камменос мурдараак учак солго 90 градус кайрылганын, кулар алдында болсо 360 градус оңго тегерениип кеткенин жана 7600 метрдей кескин ылдыйлаганын билдирген.

Бирок Египеттин Улуттук аэронавигациялык тейлөө компаниясынын башчысы Эхаб Азми учак адаттан тыш аракеттерди жасаган эмес деди.

Анын айтымында, учак радардан көрүнбөй калгыча тийиштүү болгон 11280 метр бийиктикте учуп бараткан.

“Ушул факт гректер айтып жаткан лайнер кокустан ылдый түшүп кетти дегенди жокко чыгарат”, - деди Азми Ассошиэйтед пресс агенттигине.

EgyptAir компаниясынын Парижден Каирге бараткан А320 учагы 19-майга караган түнү Жер ортолук деңизге кулаган.

Бортто 66 киши болгон, анын 56сы жүргүнчүлөр. 30 адам Египеттин жарандары, 15 киши Франциянын жана башка он бир өлкөнүн өкүлдөрү болчу.