Францияда мунайчылар протестин, атом тармагы колдоду

Сүрөттүн булагы, Getty
Францияда мунай иштетүүчү заводдордун каршылык акцияларын атом электр станциялары бейшембиде бир күн ишин токтотуу менен колдой турганын билдиришти.
Францияда өлкөнүн сегиз мунай заводунун алтысы эмгек кодексине киргизилчү өзгөртүүлөргө каршы чыгып, шаршембиде ишин токтотушкан. Кесиптик бирликтер жаңы өзгөртүүлөр иш берүүчүнүн гана укугун кеңейтет деп нааразы.
Протесттик акциялардан улам шаршембиде Франция бензиндин стратегиялык запасын колдоно башташан. Запас 115 күнгө жетет. Расмий маалыматтарга ылайык, анын үч күндүгү колдонулду.

Сүрөттүн булагы, EPA
Массалык каршылык акциясына шаршембиде электр станциялары менен транспорт тармагы да кошулган. Бейшембиде болсо Франциянын 19 атомдук электр станциясынын 16сы бир күн иш таштоо үчүн добуш беришти.
Атомдук электр станциялары өлкөнүн 75 пайызын электр энергиясы менен камсыз кылат.
Каршылык акциясын темир жол тармагы да колдойт. Бейшембиде унаа байланышында кыйынчылыктар болот деп жатышкан.

Сүрөттүн булагы, AFP
Иш таштагандар бир ай мурда парламенттен өткөн эмгек базары тууралуу мыйзамдарды артка алууну талап кылууда. Эгер алардын талаптары аткарылбаса, бейшембиде мунайдын Гавр порту аркылуу өткөн жолун бууйбуз дешкен. Унаа министрлигинин маалыматында, шаршембиде күйүүчү май куйчу жайлардын 46 пайызында бензин жетишсиз болуп, кезектер узарган.
Каршы чыккандар мыйзамдагы өзгөртүүлөр компанияларды гана байытып, жумушсуздардын саны көп бойдон кала берет дешет. Бирок бийлик тескерисинче бул жаңы чаралар өлкө экономикасы менен эмгек базарын жандантат дешүүдө.
Каршылыктарга карабай, президент Франсуа Олланд реформалар аягына чыгат деп жатат.





























