Сауд Арабстан мунайды арзан сатууну улантат

Сауд Арабстандын мунай өндүрүшү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сауд Арабстандын мунай өндүрүшү
Published

Сауд Арабстандын тышкы иштер министри Адель аль-Жубейр Эр-Рияд мунай базарында өз үлүшүн сактап каларын билдирип, анын баасын базар өзү аныктайт деди.

Бул мамлекет башка мунай өндүрүүчүлөрдү колдогонго милдеттүү эмеспиз деди.

“Базар мунай баасын суроо-талап менен сунушка жараша аныктайт. Сауд Арабстандын максаты – базарда өзүнүн үлүшүн сактап калуу жана баасы жогору мунай өндүрүүчүлөрдү колдобоо”, - деди тышкы иштер министр RT орус телеканалына берген интервьюсунда.

Акыркы айларда мунайга дүйнөлүк баалардын түшүүсүнө туш болгон Сауд Арабстан бааны көтөрүү үчүн өндүрүштү кыскартуу чакырыктарына каршы болуп келет. Анткени ал өзгөчө төмөн баа сырьёну арзан болсо да сатып жиберүүгө жол ачат деп эсептейт.

Аль-Жубейрдин сөзүнө ылайык, Эр-Рияд мунай маселесин саясатташтырган жок жана “мунай тематикасына таза экономикалык көз караштан карап жатат”.

Апрелдин соңунда Сауд Арабстан бийлиги өлкөнү мунай кирешесине көз карандылыктан арылтуу боюнча экономикалык реформалардын планын колдоду.

Программага ылайык, ири мунай экспортчусун дүйнөлүк инвестициялык державага айлантуу үчүн эки трлн доллар каражаты бар суверендүү фонд түзүлмөкчү.

Өлкө бийлигинин божомолуна караганда, 2020-жылга Сауд Арабстандын экономикасы мунайдан такыр көз каранды болбой калат.