Профсоюздар федерациясына каршы митинг өттү

Published

Бишкекте Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын жанына «Реформа керек, жетекчиси кызматтан кетсин» деген жазуулар менен ондон ашуун активист чогулду. Акциянын уюштуруучуларынын талабы боюнча, бул мекемени толугу менен реформалап, жаштарды алып келиш керек.

«Бул мекемеге карата нааразылык абдан көп. Алар өз миссиясын такыр аткарбай, жолдомолорду эле бөлүштүрүүчү органга айланып кетти. 2015-жылы өткөн курултайда соодалашуу аркылуу жаңы жетекчи шайланган. Ал киши оңдоп-түзөгөндүн ордуна талкалап жок кылып жатат. Андан сырткары, Профсоюздар федерациясы эмгекчилердин укуктарын коргоонун ордуна, мүлк талашып, өз кызыкчылыктарын ойлоп отурушат”, - деди активист Тимур Саралаев.

Активисттер буга кошумча кошумча соңку мезгилде профсоюздарга таандык мүлк, жер тилкелери мыйзамсыз менчиктештирилген фактыларды жана эмгекчилердин айлык маянасынан түшкөн акчалардын кайда кетип жатканын иликтөө керек деп эсептейт.

“Мекеменин бир да жолу болсо коомчулукка финансылык берген отчетун уктуңарбы? Жок. Силер да, мен да иштейбиз. Эмгек акыбыздан ай сайын 1 % ушуларга которулат. Ал деген билинбеген менен миллиондогон акча. Мындай акчалардын отчету болуш керек сөзсүз”, - дейт студенттердин профсоюз комитетинин төрагасы Мамытов Аркарбек.

Бирок федерациянын президенти Жанадил Абдрахманов мындай дооматтарды четке кагууда. Миллиондогон сомдордун уурдалышы жана башка чуулгандуу иштер ал өзү кызматка келгенге чейин эле болгонун жүйө тартты:

“Менин кызматка жети ай болду. Буга чейин бир топ мүлктөрдүн сатылып кеткен фактылары бар экен. Соттор болуп, бир тобун артка кайтардык. Азыр ошолордун үстүнөн иштеп жатабыз. Биринчиден, курорт, эс алуучу жайлардын тегерегинде сөз көп. Аны тартипке салыш үчүн жана дагы реформа жүргүзүш үчүн эки чоң комиссия түздүк. Алар мыкка чейин эсептеп, отчет беришет”.

Кыргызстанда мамлекеттен көз карандысыз бул уюмдун айланасында коррупцияга байланышкан “кара булут” соңку 2-3 жылдан бери каптап келатат. Ал мурдагы жетекчи Асылбек Токтогуловдун учурунда эле башталып, эмгиче басылган эмес. Акыр аягы федерациянын ревизиялык комиссия 8 миллион сомдон ашуун акча дайынсыз жоголгонун бетин ачкан. Ал башкы эсепчиге башына түшүп, ал 10 жылга эркинен ажыратылган.

“Бир топ кылмыш иштери болду, аралашкандар жазасын алып жатат. Айта кетчү нерсе, федерациянын ар кандай тармактык уставдарды козукарындай кылып көбөйтүп алганы, туруктуу башкаруу болбой жатканына алып келүүдө. Ошон үчүн сырттан карап турган коомдук уюмдар, жөнөкөй жарандар же мамлекеттик мекемелер профсоюздун ичиндеги түшүнбөгөн жагдайлар тууралуу өз баасын билдирип жатат. Коомчулук азыр профсоюздун уюм экенинен күмөн санап турушат. Анткени жер-жерлердеги профсоюз уюмдары жергиликтүү бийликтин же жумуш берүүчүлөрдүн көзүн карап калган абалда”, - дейт Ош мамлекеттик университетинин профсоюзынын төрагасы, көз-карандысыз серепчи Абдыжапар Аккулов

Кыргызстандын Кесиптик кошуундар уюмдары тууралуу мыйзамга ылайык, профсоюздар жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Профсоюздар өзүнүн ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптарга жана мамлекеттик бийлик органдарга баш ийбейт. Кесиптик кошуундар уюмдарынын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы гана жылына бир жолу текшериши мүмкүн.